Бул тууралуу Айыл чарба, тамак-аш жана мелиорация министри Нурбек Мурашев Агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.
Насыянын 50 миң долларын мамлекет менен жеке сектордун ортосундагы мамилени жакшыртууга жумшоо пландалууда. Бул суммага депутат М. Бакиров нааразы болуп, долбоордун бул тармагын карап чыгуу керектигин билдирди.
Эске сала кетсек, гранттык келишим Кыргыз Республикасы жана Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясы тарабынан түзүлгөн.
Ошондой эле депутаттар долбоордун алкагында ветеринарларга 300 смартфон берилерине нааразы болушту.
Вау!!! Биздин ветеринарлар заманбап болушат. Ар бир ветеринарда смартфон болот! Бирок чындыгында аймактардагы ветеринарлар кадимки эле аппараттар менен колдонушат, бул алар үчүн байланышка керек. Бул жерде аткаминерлердин кызыкчылыгы жокпу? Орточо эсеп менен алсак ар бир смартфон 100 доллар болсо 300 смартфон алууга 30 миң доллар кетет экен. Ал эми кадимки эле телефондор 40–50 доллар турат. Эми чечимди өзүңө чыгаргыла!
Айыл-чарба министри Нурбек Мурашев билдиргендей, өзгөртүүлөрдү киргизүү экинчи окууда болмокчу.