Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕЭК) Интеграция жана макроэкономика боюнча Коллегия мүчөсү Татьяна Валовая “Криптовалюталар: акча айлануу системасындагы орду жана ЕАЭБ өлкөлөрүнүн экономикасына таасири” деп аталган сессия учурунда билдирди.
Иш-чара 28-мартта «БЛОКЧЕЙНРФ-2018» конгрессинин алкагында өттү жана ЕАЭБде криптовалюталар жана блкчейн технологиялары тууралуу болуп жаткан талкуунун уландысы болду. Талкууга бизнестин жана криптовалюталар жана блокчейн боюнча улуттук ассоциациянын өкүлдөрү катышышты.
Талкууну ачып жатып Татьяна Валовая ЕАЭБдин интеграциялык потенциалын ишке ашырууда криптовалюталардын жана блокчейн технологиялдардын маанилүү экенин белгиледи. “Биримдиктин алкагында 2025-жылга чейин экономикалык интеграция программасы иштеп келет, бирок дүйнө ушунчалык тез өзгөрүп жаткандыктан негизги программаны аткаруудан сырткары глобалдуу чакырыктарга өз учурунда жооп берүү зарыл. Криптовалюталардын пайда болуусу макулдашылган кадамдарды иштеп чыгууну талап кылат”,-деди ал.
Ошондой эле спикерлер блокчейн жана улуттук криптовалюта тармагында евразиялык борбор түзүү тууралуу бир катар сунуштарды беришти. ЕЭК министри учурда улуттук криптовалютага муктаждык жок экенин билдирип, бирок бул бирдиктүү кадамдарды жасоодон баш тартуу керек дегенди билдирбесин кошумчалады. “Дүйнөдө эмне болуп жатканын түшүнүү зарыл жана активдүү реакиця кылуу керек. ЕАЭБ өлкөлөрүнүн криптовлюталар жана блокчейн технологиялар боюнча жообу системалуу жана макулашылган болуусу зарыл”,-деди ал.
Талкууга катышкандар көтөргөн манилүү маселелердин бири акча айлануу системасында криптовалютанын орду болду. Макроэкономикалык көз карашта криптовалюталар акча айланууну өзгөртөт жана макроэкономикалык туруктуулукка таасир бериши мүмкүн. Ошондуктан бул маселе боюнча активдүү позицияда болуу үчүн акыркы дүйнөлүк тренддерди түшүнүү зарыл. Катышуучулар учурда блокчейн технологиялар жана криптовалюталарды өнүктүрүү боюнча нормативдик-укуктук жана институттук камсыздандыруу боюнча лидер болуп келген Беларусиянын тажрыйбасын талкуулашты. Армениянын жана Казакстандын өкүлдөрү блокчейн технологиялары боюнча сыпайы болуп жатышканын билдиришти. Ошондуктан алар үчүн ЕАЭБге мүчө өлкөлөрдүн тажрыйбасы кызыктуу экенин кошумчалашты. «БЛОКЧЕЙНРФ-2018» конгресси – блокчейн технологияларын жана анын негизинде түзүлгөн өнүмдөрдү колдонуучулардын жана иштеп чыгуучулардын тармактык конгресси болуп саналат.
Россиянын криптовалюталар жана блокчейн ассоциациясы тарабынан уюштурулган иш-чарага санарип экономика боюнча эксперттер, жөнгө салуучу органдардын өкүлдөрү, депутаттар, адистер, экономисттер, финанситтер, иштеп чыгуучулар, юристтер жана инвесторлор катышышты.
Конгресстин алкагында талкуу, көргөзмө жана актуалдуу темалар боюнча сессиялар болду. Иш-чаранын жүрүшүндө спикерлер Россиянын санарип экономикасынын өнүгүү маселесин, технологиялык платформасын, криптоинвестицияладын динамикасын, криптовалютларды майнинг кылуу, блокчейн, бизнести өнүктүрүү үчүн жеке каражаттарды колдонуу маселелерин талкуулашты.
Эске сала кетсек, Беларусия биткоин сыяктуу криптовалюта же виртуалдуу акча менен финансы операцияларын жүргүзүүнү мыйзамдаштырган. Президент Александр Лукашенко тиешелүү декретке 22-декабда кол коюп, бул чечимин чет өлкөлүк инвесторлорду тартуу максаты менен түшүндүргөн болчу.
28-мартта Беларусь Республикасында № 8 – Декрети күчүнө кирген. Ал Жогорку Технологиялар паркында технология тармагында 36 түрлүү иш алып баргандардын укуктарын бекемдейт. Анын ичинен төртөө блокчейн, криптобиржа, криптовалюталарды алмаштыруу жана ICO операторлоруна байланыштуу иштешет.