2018-жылдын майында республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 10 млрд 339 млн 452,2 миң сом суммасында жүзөгө ашырылды. Бул тууралуу Каржы министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 млрд 601 млн 285 миң сом, элге социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 648 млн 695,2 миң сом, социалдык камсыздоо боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 3 млн 620,4 миң сом бөлүндү.
«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 540 млн 25,4 миң сомду түздү. Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 1 млрд 918 млн 965 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.