Маалымат боюнча, үстүбүздөгү жылдын февраль айында мигранттар өлкөгө 161,7 миллион доллар которушту. Бул январь айына салыштырмалуу 15,8 млн долларга көп.
Кыргызстанга которулган каражаттын басымдуу бөлүгү Орусиядан — 158,6 млн доллар. Алыскы чет өлкөлөрдөн 2,8 млн доллар келген, анын 1,5 млн долларын АКШдагы мигранттар которгон.
2017-жылы мигранттар жалпысынан 2 млрд 482 млн доллар каражат которушкан.