• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ушул жылдын үч айында мамлекеттик бюджеттин киреше көлөмү пландын 101,4 % түздү

img_0928

👁 1,906

Борбордук казыналыктын болжолдуу маалыматы боюнча, 2018-жылдын 1-кварталында мамлекеттик бюджеттин кирешесинин жалпы көлөмү 31 млрд 972,6 млн сомду же белгиленген пландык тапшырманын 101,4 пайызын түздү (ашыгы менен аткарылган сумма – 450,4 млн сом). 

Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу бюджеттин жалпы кирешеси салыктык кирешелердин жана салыктык эмес кирешелердин түшүүлөрү өскөндүгүнө байланыштуу 3,1 пайызга же 952,6 млн сомго өстү.

Мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын эсепке албаганда, жалпы киреше планы 107,1 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу жалпы киреше көлөмү, мамлекеттик инвестициялардын гранттарын жана атайын эсептердин каражаттарын кошпогондо, 1 млрд 190,7 млн сомго же 4,3 пайызга көбөйдү.

Каралган мезгилде салыктык кирешелердин көлөмү 26 млрд 725,7 млн сомду же пландын 106,9 пайызын түздү (ашыкча аткарылган сумма – 1 млрд 716,6 млн сом). Өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктык кирешелер 4 млрд 475,2 млн сомго же 20,1 пайызга өстү.

Мамлекеттик бажы кызматы тарабынан отчёттук мезгилде 9 млрд 369,9 млн сом өлчөмүндөгү салыктар жана төлөмдөр же пландын 121,7 пайызы камсыз кылынды (ашыкча аткарылган сумма – 1 млрд 672,8 млн сом). Былтыркы жылдын ушул мезгилине карата түшүүлөрдүн өсүш темпи 149,1 пайызды түздү.

Булактардын түрлөрү боюнча алганда, бажы төлөмдөрү боюнча пландын аткарылышы төмөнкүдөй болду:

- Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларга кошумча нарк салыгы (КНС) боюнча түшүүлөр 5 млрд 300,3 млн сомду түздү же план 135,7 пайызга аткарылды, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 1,8 эсеге өстү;

- Кыргыз Республикасынын аймагына үчүнчү өлкөлөрдөн ташылып келинген товарларга акциздик салык боюнча түшүүлөр 17 млн сомду же пландын 152,2 пайызын түздү, былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу салыктын түшүүлөрү 2 эсеге өстү;

- эл аралык соодага салыктар боюнча түшүүлөр 4 млрд 44,6 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 107 пайызга аткарылды (2017-жылдын тийиштүү фактысына карата өсүш темпи – 119,6 %), анын ичинде ЕАЭБдин алкагындагы ташып келүү бажы алымдары боюнча 3 млрд 724,1 млн сом (2017-жылдын тийиштүү фактысына карата өсүш темпи – 116,8 %) келип түштү.

Отчёттук мезгилде Мамлекеттик салык кызматы тарабынан 18 млрд 310 млн сом суммасында киреше чогултулуп, пландык көрсөткүч 101,2 пайызга аткарылды. Кумтөрдү эсепке албаганда, план 101,4 пайызга орундалды. Былтыркы жылга салыштырмалуу МСКнын кирешеси 10,5 пайызга же 1 млрд 742,8 млн сомго өстү. Кумтөрдү эсепке албаганда, түшүүлөр 12,2 пайызга же 1 млрд 832,5 млн сомго өстү.

МСКнын салыктык кирешелери 17 млрд 355,9 млн сомду же пландын 100,3 пайызын түздү. ЕАЭБдин алкагындагы кыйыр салыктарды эсепке албаганда, МСКнын салыктык кирешелери 11 млрд 949,2 млн сомду түздү. Пландык көрсөткүч 99,8 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу МСКнын салыктык кирешелеринин түшүүсү, ЕАЭБдин алкагындагы кыйыр салыктарды эсепке албаганда, 5,7 пайызга же 642,2 млн сомго өстү.

Салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынын иш жүзүндө чогултулушу 2 млрд 218,6 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 97,7 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу салыктын түшүүсү 5,4 пайызга же 113,9 млн сомго өстү. Бул өсүш орточо айлык маянанын өсүшү менен камсыздалды.

Алсак, Улуттук статистика комитетинин маалыматтары боюнча, быйылкы жылдын январында орточо айлык маяна 14 629 сомду түзгөн, бул былтыркы жылдын ушул мезгилинин көрсөткүчүнөн 6,3 пайызга көбүрөөк.

Кыргыз Республикасынын резиденттери эмес жактардын кирешелерине салыктын түшүүсү 385 млн сомду же пландын 102,8 пайызын түздү. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 42,3 млн сомго же 12,3 пайызга өстү.

Пайдага салык боюнча фактылык түшүү 1 млрд 374,3 млн сомду же пландын 97,3 пайызын түздү. Өткөн жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу пайдага салыктын түшүүсү 21,1 млн сомго же 1,6 пайызга өстү.

Патенттин негизинде салыктардын түшүүлөрү 605,3 млн сомду же пландын 101,6 пайызын түздү. Патенттин негизинде салыктын түшүүлөрүнүн өсүш темпи өткөн жылдын бирдей мезгилине карата 107,9 пайызды түздү.

Жер салыгы боюнча түшүүлөр жалпысынан 323,9 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 103,6 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу түшүүлөр 5 пайызга же 15,3 млн сомго өстү.

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн товарларга жана кызмат көрсөтүүлөргө КНСнын фактылык түшүүсү 3 млрд 22,1 млн сомду түздү же план 97,8 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын тийиштүү көрсөткүчүнө салыштырмалуу жыйымдар 6,4 пайызга же 182,1 млн сомго өстү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларга КНСнын түшүүсү отчёттук мезгилде 4 млрд 31,1 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 107,4 пайызга аткарылды. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 19,1 пайызга же 645,3 млн сомго өстү.

Сатуудан алынуучу салык боюнча жыйымдар 1 млрд 10,3 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 97,1 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 0,8 пайызга жогорулады.

Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлүүчү жана сатылуучу товарларга акциздик салык боюнча түшүүлөр 442,3 млн сомду түзүп, пландык көрсөткүч 84,6 пайызга орундалды. Былтыркы жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу акциздик салык жыйымдары 18,2 пайызга өстү.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттерден Кыргыз Республикасынын аймагына ташылып келинген товарларга акциздик салык боюнча фактылык жыйымдар 1 млрд 375,6 млн сомду түздү. Пландык көрсөткүч 86,6 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 8,2 пайызга өстү.

Салык органдары тарабынан жер казынасын пайдалангандык үчүн салык 347,7 млн сом суммасында чогултулду же план 113,3 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу түшүүлөр 23,1 пайызга жогорулады.

Отчёттук мезгилде Кумтөр тарабынан дүң кирешеге салык боюнча 1 млрд 516,5 млн сом которулду (план боюнча 1 млрд 529 млн сом которулмак). Былтыркы жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу салыктын түшүүлөрү 5,6 пайызга төмөндөдү.

Каралган мезгилде мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес түшүүлөрү 4 млрд 465,4 млн сомду же пландын 103 пайызын түздү. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу жыйымдар 2 млрд 298,6 млн сомго же 34 пайызга төмөндөдү. Түшүүлөрдүн төмөндөшү өткөн жылдын март айында бюджеттин киреше бөлүгүнө Кыргыз Республикасынын Улуттук Банкынын пайдасынын түшкөндүгүнө байланыштуу болду, ошол эле убакта быйылкы жылдын тийиштүү мезгилинде бул түшүүлөр болгон жок.

Расмий гранттардын түшүүлөрү 781,5 млн сомду түздү, пландык көрсөткүч 35,9 пайызга аткарылды. Өткөн жылдын тийиштүү деңгээлине салыштырмалуу гранттардын түшүүлөрү 503,1 млн сомго төмөндөдү.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости