2018-жылдын апрелинде республикалык бюджеттин ведомстволук классификация боюнча кассалык аткарылышы 11 млрд 390 млн 458,4 миң сом суммасында ишке ашырылды.
Көрсөтүлгөн суммадан бюджеттик мекемелерде иштегендердин эмгек акысына 2 млрд 722 млн 814,4 миң сом, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пулдарды төлөөгө 677 млн 625,8 миң сом бөлүндү.
«Имараттар жана курулмалар» беренеси боюнча чыгымдар 628 млн 692,6 миң сомду түздү. Мамлекеттик (тышкы жана ички) карызды тейлөөгө 2 млрд 529 млн 734,2 миң сом жумшалды. Калган каражаттар чыгашалардын башка корголгон жана корголбогон беренелери боюнча сарпталды.