• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ушул жылдын 5 айында республикалык бюджетке 57,7 млрд сом келип түштү

7-str

👁 506

Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2018-жылдын январь-май айлары аралыгында республикалык бюджетке 57 млрд 724 млн сом өлчөмүндө ресурс келип түштү. План боюнча (52 млрд 437 млн сом) 110,1 %га аткарылды. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу ресурстар 14,1 %га же 7 млрд 124,1 млн сомго көбөйдү.

Ресурстардын курамында көбүрөөк салыштырма салмакты төмөнкүлөр тарабынан камсыздалган түшүүлөр ээледи:

Мамлекеттик салык кызматы – 41,9 %,

Мамлекеттик бажы кызматы – 28,6 %,

Мамлекеттик казыналык векселдерден (МКВ) түшкөн кирешелер – 18,1 %,

Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшкөн кирешелер – 2,2 %.

Республикалык бюджетке түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 46 млрд 214,1 млн сомду же пландын 107,5 %ын түздү. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу кирешелер 3 млрд 129,1 млн сомго көбөйдү.

Салыктык түшүүлөр 40 млрд 707 млн сомду түздү (план боюнча 38 млрд 764,5 млн сом келип түшмөк) же план 105 %га аткарылды. Өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу кирешелердин өсүшү акчалай 6 млрд 735,7 млн сомду түздү. Кирешелердин көлөмүндө салыктык түшүүлөрдүн үлүшү 88,1 %ды болду.

Салык кызматы боюнча түшүү 24 млрд 187,1 млн сомду түздү же план 100,6 %га аткарылды.

Бажы кызматы боюнча түшүү 16 млрд 519,9 млн сомду түздү же план 112,2 %га аткарылды.

Салыктык эмес түшүүлөр 5 млрд 507,1 млн сомду түздү же план 130,6 %га аткарылды (план боюнча 4 млрд 215,6 млн сом келип түшмөк). Өткөн жылдын деӊгээлине карата салыктык эмес кирешелер 172,2 млн сомго азайды.

Активдер жана милдеттенмелер 11 млрд 510 млн сомду түздү (план боюнча 9 млрд 457 млн сом келип түшмөк), план 121,7 %га аткарылды.

Ишканалардан жана уюмдардан мурда аларга берилген ссудалар жана насыялар боюнча 898,6 млн сом кайтарылды.

Мамлекеттик казыналык векселдер боюнча түшүүлөр 10 млрд 444,5 млн сомду түздү же план 119,7 %га аткарылды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости