Алдын ала алынган маалыматтар боюнча 2018-жылдын январь-май айлары аралыгында республикалык бюджетке 57 млрд 724 млн сом өлчөмүндө ресурс келип түштү. План боюнча (52 млрд 437 млн сом) 110,1 %га аткарылды. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу ресурстар 14,1 %га же 7 млрд 124,1 млн сомго көбөйдү.
Ресурстардын курамында көбүрөөк салыштырма салмакты төмөнкүлөр тарабынан камсыздалган түшүүлөр ээледи:
Мамлекеттик салык кызматы – 41,9 %,
Мамлекеттик бажы кызматы – 28,6 %,
Мамлекеттик казыналык векселдерден (МКВ) түшкөн кирешелер – 18,1 %,
Бюджеттик ссудаларды кайтаруудан түшкөн кирешелер – 2,2 %.
Республикалык бюджетке түшкөн кирешелердин жалпы көлөмү 46 млрд 214,1 млн сомду же пландын 107,5 %ын түздү. 2017-жылдын бирдей мезгилине салыштырмалуу кирешелер 3 млрд 129,1 млн сомго көбөйдү.
Салык кызматы боюнча түшүү 24 млрд 187,1 млн сомду түздү же план 100,6 %га аткарылды.
Бажы кызматы боюнча түшүү 16 млрд 519,9 млн сомду түздү же план 112,2 %га аткарылды.
Активдер жана милдеттенмелер 11 млрд 510 млн сомду түздү (план боюнча 9 млрд 457 млн сом келип түшмөк), план 121,7 %га аткарылды.
Ишканалардан жана уюмдардан мурда аларга берилген ссудалар жана насыялар боюнча 898,6 млн сом кайтарылды.