• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ушу тапта жалпы электр энергиясынын 65 пайызы жеӊилдетилген социалдык тириф боюнча колдонулат

7-str

👁 651

Бул тууралуу Жогорку Кеӊеште өлкөнүн электр энергетикасы тармагын жөнгө салуу чараларын өркүндөтүү максатында иштелип чыккан «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору каралып жатканда белгилүү болду. Мыйзам долбоорунун демилгечилери – депутаттар тобу.

Эске салсак, мыйзам долбоорун экинчи окуу жүрүшүндө Өкмөт тарабынан берилген 48 сунуштун 37 сунушу эске алынганын эске салган тармактык комитеттин төрагасы Кожобек Рыспаев 11 сунушка ынанымдуу жүйө келтирилбегендиктен кабыл алынбай калганын белгилеген.

«Мыйзам долбоору 2014-жылы эле иштелип чыккан. Өкмөт менен биргелешип иш алпардык. Тилекке каршы, Өкмөттүн мыйзам долбоору боюнча корутундусу өтө кечигип келди, тездетиш керек болчу. Энергетика тармагында түзүлгөн азыркы кырдаалды өзүӊөр көрүп турасыӊар, ишти илгерилетпесек болбойт», — деп, баяндамачы мыйзам долбоорун иштеп чыгууда Кыргызстандын ЕАЭБ курамына кириши да эске алынганын кошумчалаган.

Мыйзам долбоорунда өлкөнүн электр энергетикасы тармагындагы экономикалык жана технологиялык мамилелердин жаӊы укуктук негиздери, ал мамилелердин саясатын иштеп чыгуу жана жөнгө салуу чаралары, электр жана жылуулук кубатын өндүрүү, жеткирүү, бөлүштүрүү, сатуу, экспорттоо жана импорттоо жол-жоболору камтылган.

Ушу тапта өлкө аймагында курулган бир катар чакан ГЭСтердин өндүргөн электр кубаты 4 сом 70 тыйындан сатылып алынып жатканы белгилүү болду. Ал эми айрымдары жарыяланган сынакка катышпагандыктан, алар менен азырынча келишим түзүлө элек.

Депутат Кожобек Рыспаев социалдык мекемелер менен мечиттерге мониторинг жүргүзүп, анын жыйынтыгында аларды жеӊилдетилген электр тарифине өткөрүү жөнүндөгү масени чечүү маселеси тапшырылганын, бирок азыркыга чейин анын жообу келбей жатканын билдирди. Депутат Мирлан Бакиров өкмөт өкүлдөрүн бул маселени тездетип чечип берүүгө чакырды.

Өкмөттүн өкүлү мындай ыкма Ысык-Көлдөгү мейманкана ээлерине колдонулуп жатканын, ал эми жалпы кардарларга дифференцияланган тариф азырынча киргизилбей турганын, ушу тапта жалпы электр энергиясынын 65 пайызы жеӊилдетилген социалдык тириф боюнча колдонулуп жатканын белгиледи.

Жыйынтыгында «Электр энергетикасы жөнүндө» мыйзамдын жаӊы редакциясынын долбоору үчүнчү окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости