Экономика министрлигинин алдындагы Инвестицияны илгерилетүү жана экспорт мамлекеттик агенттиги ишкерлерге насыя берүү боюнча 9 коммерциялык банктар менен келишимге кол койду. Насыя берүүнүн жалпы суммасы 3,5 млрд сом. Экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштырган ишканаларды каржылык колдоо үчүн бюджеттен каражат бөлүндү. Бул тууралуу аталган агенттиктин маалымат-аналитика бөлүмүнүн башчысы Уран Чекирбаев менен маектештик.
“Экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштырган ишканаларды каржылык колдоо-1” долбоору ишке ашырыла баштаптыр. Мунун ишкерлерге кандай пайдасы бар?
Долбоордун негизинде канча банк менен келишим түзүлдү?
Тогуз банк менен учурда насыя берүү үчүн келишим түзүлдү. Бирок баардык банктарга кайрылганбыз. Алардын ичинен тогуз банк иштешебиз деген макулдугун берип кайрылышты. Ар бир банктын бере турган суммасы ар кандай. Мисалы, “Демир банк” 700 млн сомдун тегерегинде ишкерлерге насыя бере алат. Негизинен ишкерлерге 3,5 млрд насыя берилиши керек. Ушул жылдын аягына чейин банктар 3 млрд сомдун заявкасын беришти.
Долбоорго катышкан коммерциялык банктар:
Насыя алуудагы күрөө маселеси кандай болот?
Күрөө – бул чоң маселе, бирок биз ар бир банктын өз талабына койгонбуз. Биз бул күрөө жагына кийлигише албайбыз. Эмнеге кийлигише албайбыз? Ишкерди тандоону жана кайсы күрөө менен койгону боюнча банктарга мүмкүнчүлүк бердик. Алар өздөрүнүн критерийлери менен иштетет. Бирок биз негизги критерийлерди койгонбуз. Атсак, салык, насыя боюнча карызы жок, сөзсүз түрдө экспортоочу болушу шарт.
Күрөөгө 120% көп эмеспи?
Эгерде насыя алуучулардын күрөөсү жетпей калганда кепилдик фондго кайрыла алышабы?
Эки долбоордон тең насыя ала турган ишкерлердин күрөөсү жетпей калган учурда кайрыла алышат. “Кепилдик фонд” 50%га чейин кепил болуп берет.
Насыя алуу үчүн кайсы документтер талап кылынат?
Кредит алуу үчүн керектүү документтер:
Насыяны кайсы тармактын ишкерлери ала алат?
- Экспортко багытталган жана импорттун ордун алмаштырган ишканалар.
Каржылоо тармактары:
Насыяны алгандан кийин ортодо аны иштетүүгө ишкерлерге канча убакыт берилет?
- пайыздык чен – жылына 10%;
- негизги каражаттар 5 жылга, айландыруу үчүн каражаттар 3 жылга берилет;
- жеңилдетилген мөөнөт негизги суммага 6 ай;
- насыянын көлөмү 250 млн. сомго чейин.
Биз жеңилдетилген мөөнөттү минималдуу 6 ай деп көрсөттүк. Бирок банкттар андан узагыраак мөөнөттү көрсөткөнгө мүмкүнчүлүгү бар. Банктар баардык коркунучтарды өз мойнуна алат. Ошондуктан алар дароо төлөтүүнү талап кылат. Ошол себептен 6 ай жеңилдетилген мөөнөттү белгиледик. Эгерде банк өзүнүн эсебинен жеңилдетилген мөөнөттү жогорулатып, пайыздык көрсөткүчтү дагы төмөнүрөөк кылса биз каршы эмеспиз. Долбоордун эң негизги максаты пайызды төмөндөтүү жана жеңилдетилген мөөнөттү көбүрөөк коюу болуп жатат. Бирок ошол эле учурда банктын ишине жана каржысына зыяны тийбеши керек. Мындай кадамдар менен жарандарга жумуш орундарын да түзүүгө болот. Аталган долбоор 3–4 жылдын ичинде өз жемишин берсе, өлкө экономикасын көтөрүүгө салымын кошот.
Жөнөкөй фермер, дыйкандар азыркы берилип жаткан кредиттен алса болобу?
Экинчи долбоор ХАССП тууралуу да маалымат берсеңиз?
Өнүмдөрдүн сапатын жогорулатуу жана коопсуздугун камсыз кылуу максатында, анын ичинде коркунучтарды талдоо жана критикалык контролдук чекиттер (ХАССП) продукциянын коопсуздугуна олуттуу таасир этүүчү, системалык идентификациялоо, баалоо жана коркунучтуу факторлорду башкарууну караган концепциясына ылайык, КРдагы ишкерлик субъекттерди каржылоо долбоору боюнча 2017-жылдын 13-октябрында Кыргыз Республикасынын токтом кабыл алды.
ХАССПты сөзсүз түрдө киргизүү керек. Мына коңшу Казакстан биздин товарларга эмне себептен тыюу салып жатат? Мунун баары өнүмдүн талаптарга жооп бербегендигинен. Анткени эл аралык стандартка туура келбейт деп кайтарууда. Ошондуктан ХАССПтын мааниси өтө чоң. Эгерде ХАССПка жооп берген документи болсо, ишкерлер эч тоскоолдуксуз өзүнүн продукциясын бир гана Казакстанга эмес башка бүткүл дүйнөгө сатканга мүмкүнчүлүк алат.
–акыркы пайыздык чен жылына 6%;
- ишкерлик субъекттери үчүн насыяны кайтарып берүү мөөнөтү – 5 жыл;
- күрөөлүк камсыздоо — 120%дан кем эмес;
- насыянын суммасы 1 млн сомдон кем эмес жана 30 млн сомдон жогору эмес;
- насыя алып жаткан киши долбоордун жалпы суммасынын 20%ын өзү төлөөсү керек;
–негизги сумадан төлөп баштоо – насыя алгандан кийин бир жылдан соң;
- төлөө – квартал сайын.
Насыя алуу механизми:
–насыя тандалып алынган коммерциялык банктар аркылуу берилет.
Насыя берүүдөгү негизги шарттар (талаптар):
–ишкананын активи болушу керек;
- эл аралык стандарттарды анын ичинде ХАССП киргизүү тууралуу бизнес-план;
–салыктык жана социалдык төлөмдөр боюнча карыздын жоктугу;
- чыгарылган өнүмдүн суроо-талапка ээ болуусу;
- ишкана 2 жылдан кем эмес убакыт аралыгында ийигиликтүү иштеп жаткан болушу керек;
- иштеп жаткан өндүрүш линиясы болуусу зарыл;
- өнүм ата мекендик чийки заттардан жана материалдардан жасалышы (кайра иштетилүүсү) керек.
Бул насыянын арты менен чарбакерлер баардык жабдууларды сатып алууга мүмкүчүлүгү бар. Сатып алынган негизги каражаттардын баары ХАССПтын стандартына ылайыктуу планы менен ишке киргизилүүсү шарт. Ошондой эле экспреттердин айтымында, консультанттарга төлөм 1,5 миң доллардын тегерегинде сарпталса, ХАССПтын өзүн киризгенге орточо эсеп менен 60 миң доллар кетет. Тактап айтканда, чарбанын көлөмүнө жараша болот.
Айта кетсек, 1,5 млрд сомду максималдуу 30 млн сомдон берсек, 500гө жакын чарбакерлерге кредит берилет.
Наргиза Өмүрбек кызы