Ага ылайык, унааларды каттоо жана кайра каттоо тарифи жогорулады.
Бул Евразиялык экономикалык бирликтин талаптарынын бири. Бул талапка ылайык, Евразиялык экономикалык бирликтин аймагындагы бардык баалар барабар болууга тийиш.
Эки жыл мурун Кыргызстанга оң рулдуу унааларды алып келүүгө тыюу салынган. Азыр унаа базары толуп турган кез. Кризис учурунда айрым жарандар КМШ аймагындагы унаалардын көбүн тездик менен сатып алышкан. Учурда базар токтоп турган маал жана баалар күтүү режиминде турат.
Мамкаттоонун өкүлдөрү бир нече жылдардан кийин унааларды чет жактан ташуу пайдасыз болуп каларын айтышууда. Анткени баалар ЕАЭБдин аймагынан эле унаа сатып алуу мүмкүнчүлүгүн бермекчи.
Убакыт көрсөтөт. Анткени Кыргызстанда бүгүн болбосо дагы эртең эски унааларды алып чыгуу маселеси курчуйт.
Батышта эски унаалар үчүн атайын жайлар бар, бул маселе Кыргызстанда кандай чечилет?
Азырынча биз өзгөрүүлөргө көз салып турабыз.