• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Унаалар арзандап баштайт

avtomash-1

👁 2,409

Унаалар бекер болот. Бул жакынкы 5–10 жылда кадимки көрүнүш болуп калабы?

Жыл өткөн сайын адамдардын көпчүлүгү футурология менен алек болуп башташууда. Алардын бири келечек технологиясынын тарапташы болгон Ford автоконцернинин эксперти Джон Эллис. Анын пикиринде, жакында унаалар бекер болуп баштайт. Жакында унаа базарына учурда ИТ-индустрияда стандарт катары саналган модель келет. Колдонуучулар өз маалыматтарын берүү менен социалдык тармактар, онлайн-кызматтар жана медиаресурстар менен пайдалана алышат. Корпорациялар болсо аналитика чогултуп, аны өз кызыкчылыгына колдонушат же үчүнчү жактарга сатышат.

Индустрияда маалыматты акчага айлантуунун жаңы модели тууралуу көптөн бери айтып келишет. “Унаа өндүрүүчүлөр маалыматтарды брокерлерге же акыркы компанияларга сатышат. Кирешеге байланыштуу унаанын баасы төмөндөй берет. Канча көп маалымат сатылса баа ошончо төмөн болот”,-деди Эллис.

Унаа корпорациялары унааларды бекер да берип башташат. Муну менен алар унааны саткандан дагы көп киреше табышат.

Унаа компаниялардын кардарлары жеке жактар жана мамлекеттик уюмдар болушу мүмкүн. Ишкерлер аларга унаанын баардык иштери тууралуу маалымат берип турушат: фаралары кандай иштеп жатканы, терезе жуугучтары кандай иштеп жатканы, санарип системасынын иши тууралуу маалымат берип турушат.

Мисалы, унаа көчүп жүрүүчү метеостанцияга айланышы мүмкүн дагы, аба ырайы тууралуу маалымат топтоп, аны тиешелүү мекемеге берип турат. Ал үчүн метеокызмат 3000 доллар төлөйт, бирок метеостанция куруунун кереги жок болот дагы кирешесин үнөмдөп калат. Ошондой эле унаа өндүрүүчүлөр жолдордун абалы тууралуу маалымат топтоп, аны өкмөткө берип турат. Же үндү таануу менен иштеген ИТ-компанияларга мирофондордогу маалыматтарды жеткирип турат.

Эллистин пикиринде бул тренд жакында кыймылсыз мүлк тармагына да кирет. “Үйлөрдү бекер беришет дебейм, бирок эгерде кардар өз маалыматын сатууну кааласа ипотека боюнча төлөм аз болушу ыктымал”,-деди эксперт.

Эллис товарларды маалыматка алмаштырууну бекер деп саноого болбой турганын кошумчалады. Колдонуучу унааны же турак-жайды жөн гана албай эле, ал өзү тууралуу маалыматтарга алмашып жатат. Ал төлөп жатат бирок акчалай эмес.

Ал эми башка дүйнөлүк эксперттер болсо 2020-жылга карата унаа ээлеринин маалыматтары унаадан да кымбат болуп каларын билдиришүүдө.

Булак:«Хайтек»

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости