• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Ун жана буудайды импорттоодо кошумча нарк салыгы алынат

selhoz-3

👁 949

16-ноябрда Жогорку Кеӊеште азык-түлүк коопсудугун камсыз кылуу жана эгин менен унга байланыштуу бюджет тартыштыгын кыскартуу максатында иштелип чыккан «КР Салык кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө» КР мыйзамына өзгөртүү киргизүү тууралуу» мыйзам долбоору каралып, экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Демилгечи – депутат Кенжебек Бокоев менен Өкмөт.

2 жыл мурун Кыргызстан Евразиялык экономикалык биримдикке киргенде Экономика министрлиги ата мекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо үчүн буудайды КНСтен бошотууну сунуштаган. Бирок буудай тартылып ун болгондон кийин ишкерлер КНС төлөөсү керек болчу. Бирок мыйзам долбоору парламентте каралып жатканда КНСтен ун дагы бошотулуп калганын Экономика министрлиги билдирди.

Экономика министри Артем Новиков ушу тапта республикалык бюджеттин таӊсыктыгы 22 млрд 453 млн сомду түзгөнүн, ошондон улам эгинди жана унду импорттоо жана алып келүү боюнча кошумча нарк салыгынын коюмун 12 пайыз өлчөмүндө белгилөө демилгеси сунушталууда. Мындайынча айтканда, ун өндүрүүчүлөргө мурда берилген жеӊилдиктер алынып салынып, азыр анын коюму кайра калыбына келтирилип жатат.

Бул ченемдик укук актысынын кабыл алынышы төмөнкүдөй натыйжаларга алып келиши болжолдонууда:

- өлкөнүн азык-түлүк коопсуздугунун сакталышына;

- эгинди кайра иштетүү тармагынын сакталып калышына;

- айыл чарбасынын кызыкчылыгын корголушуна;

- азык-түлүк көз карансыздыгына көзөмөлдүн сакталышына;

- бюджетке 1 млрд.сомдон ашык каражаттын түшүшүнө;

- бюджет таӊсыктыгынын кыскарышына.

Ошондой бул чечимди кабыл алуу төмөнкү негизде болот:

–Буудайды жана унду сатууда КНСке болгон жеңилдиктен болгон жоготуулар:

- 2014-жылы — 635,2 млн. сом;

–2015-жылы — 499,6 млн. сом.

Белгилей кетсек, буга чейин Кыргызстандын өнөктөш каржы донору Эл аралык валюта фонду Өкмөткө эгин менен унга карата кошумча нарк салыгынын коюмун тезинен көтөрүү сунушун берген. Кошумча нарк салыгы кыйыр салыктардын түрүнө кирет.

Эске салсак, 2016-жылы кабыл алынган ун өндүрүүчү ишканаларды кошумча нарк салыгынан бошотуу жөнүндөгү мыйзам 2018-жылдын 1-июлуна чейин күчүндө турмак.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости