Малая энергетика с большими проблемами: что мешают развитию малых ГЭС в Кыргызстане
Чет жакка экспорттолуп жаткан электр энергиясы тууралуу “ЭКОНОМИКА” гезити Улуттук энергохолдингдин жетекчиси Айбек Калиевге суроо узатып жооп ала алдык.
Экономические проекты в период президентства Алмазбека Атамбаева
Өзбекстанга экспорттолуп жаткан электр энергиясынын көлөмү канча?
Өзбекстан Республикасына экспорттолуучу электр энергиясынын жалпы көлөмү 1 млрд 200 млн кВтс түзөт. Бүгүнкү күндө 865 млн кВтс экспорттолду.
Национальный энергохолдинг: Цена на электроэнергию не станет дешевле
Ал жактан түшкөн каражат кайсыл жакка жумшалат?
Электр энергиясын экспорттоодон алынган каражат “Электр станциялары” ААКсынын бюджетинин таңсыктыгын жоюуга жана Экономиканы өнүктүрүүнүн мамлекеттик фондуна болгон карызды төлөп берүүгө жумшалат.
Каскад ГЭС в КР, от которого отказалась Россия будут строить другие
Эмдиги жылы да экспорттолобу?
Кийинки жылы электр энергиясын экспорттоо маселеси суунун Токтогул ГЭСине агылып келишине байланыштуу каралат.
Электр энергиясы экспорттолуп жатат, ошол эле учурда Кыргызстандын жарандарына электр энергиясы арзандайбы же кандайдыр бир жеңилдиктер болобу?
Энергокомпаниялардын бюджеттериндеги таңсыктыктан улам электр энергиясынын баасы арзандабайт.
Алдыда күндүн нурунан, шамалдан электр энергиясын алуу планы барбы?
Бул маселени КРнын Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын иштетүү мамлекеттик комитети карайт.