• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Улуттук банктын уставдык капиталдын минималдык өлчөмү тууралуу талабын бардык банктар аткарышкан эмес

fasad_kgz

👁 806

2017-жылдын 1-июлуна чейин каржылык мекемелер уставдык капиталынын минималдык суммасын 500 млн сом кылуулары кажет. Бул чечим Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2015-жылдын 11-мартындагы токтому менен кабыл алынган.

Алгачкы эки этапта банктар уставдык капиталдын өлчөмүн 300 млнго, андан кийин 400 млн сомго жеткирүүлөрү керек болчу. Жөнгө салуучунун талаптарын бардык 25 каржылык мекеме аткарган.

Июлдун башына карата 6 банк КРнын Улуттук банкынын талаптарын убагында аткара албай калып, кара тизмеге кирген. Май айынын акырына карата банктардын каржылык отчетунда төмөнкү банктардын уставдык капиталы белгиленген өлчөмгө жетпей келет:

Пакистан банкы – 434.1 млн сомов;

«Капитал Банк» ААК— 432.9 млн;

«Дос-Кредобанк» ААK – 404 млн;

«Банк Азии» — 400 млн;

«Демир банк» — 400 млн;

«Евразийский сберегательный банк» ААК– 300 млн.

Уставдык капиталы 1 миллиарддан ашкан лидер банктар да жок эмес. Биринчи бештикке төмөнкү банктар кирет:

«Айыл банк» 1 млрд 922 млн;

«РСК Банк» 1 млрд 846 млн;

«ФИНКА Банк» ЖАК — 1.3 млрд;

«Кыргызский инвестициялык-кредит банкы» ЖАК – 1.2 млрд;

«Оптима банк» — миллиарддан бир аз төмөн.

Ири банктардын биринчи ондугуна «Кыргызкоммерцбанк» кирген, анын 52.9% акцияларын япониялык Sawada Holdings компаниясы сатып алган. Баалуу кагаздарды кошумча чыгаруу насыялык уюмдун уставдык капиталын 435 млн сомдон 1 млрдга чейин жеткирет.

Калган банктардын уставдык капиталы талап кылынган минимумга барабар.

2018-жылдын 1-июлуна чейин КРнын бардык коммерциялык банктары уставдык капиталын 600 млн сомго жеткирүүлөрү керек. ЭКОНОМИКА КРнын Улуттук банкына уставдык капиталдын көбөйүшү тууралуу талаптарды аткарбагандар тууралуу маалымат алуу үчүн кат жөнөткөн. Банктардын өкүлдөрү буларды айтышкан:

2017-жылдын 1-июлуна карата уставдык капиталдын минималдык өлчөмүн, 500 млн сомду 3 банк аткарган эмес: «Дос-Кредобанк» ААК, «Банк Азии» ЖАК жана «Евразийский Сберегательный Банк» ААК.

Бул банктар менен карым-катнаш жүргүзүү банк мыйзамдарына ылайык жүргүзүлмөкчү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости