“Улуттук банк Башкармасы 2017-жылдын 29-майында эсептик чен өлчөмүн (чен саясатын) 5,00 пайыз деңгээлинде калтыруу чечимин кабыл алды. Чечим 2017-жылдын 30-майынан тартып күчүнө кирет. Инфляция Улуттук банк болжолдогон маанинин чегинде сакталып калуу менен акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчүнөн – 5–7 пайыздан ашкан эмес”,-деди улуттук банктын төрагасы.
“Акча которуулардын артышынын алкагында ичтен керектөөнүн калыбына келиши, ошондой эле тышкы суроо-талаптын өсүшү азыркы учурдагы инфляциялык динамикага таасир кылууда. Азык-түлүккө жана кызмат көрсөтүүлөргө баанын алгылыктуу динамикасы инфляциянын калыптанышына негизги салым кошкон”.
“Өлкө экономикасы алгылыктуу өсүш арымын тастыктоодо. 2017-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүмдүн өсүшү 7,7% деңгээлинде калыптанган, “Кумтөр” алтын кенин казып алуу ишканаларындагы өндүрүштү эске албаганда 4,0 пайыз чегинде катталган. Ички сыяктуу эле, тышкы суроо-талап көрсөткүчтөрүнүн жакшыруусу бул жагдайга өбөлгө түзүүдө. Сунуш боюнча да оң тенденциялар белгиленип, экономиканын негизги секторлорун улуттук валютада кредиттөөнүн артышы жана алар боюнча пайыздык чендердин төмөндөтүлүшү мында негизги фактордон болгон”,-деди Т.Абдыгулов.