2015-жылдын 7-майынан тарта өлкөдө жалпы салмагы 123 килограмм 756 грамм 2400 даана алтын куймалары 353 миллион сомго сатылган (5 миллион доллардан ашык). “Улуттук банк сатып жатат жана каалаган күнү кайра сатып алат, бул өлкө экономикасын долларлаштыруучу инвестициялык курал”,-деди Улуттук банктын төрагасы.
Улуттук банк алтын өндүрүүчүлөрдүн баарынан алтынды сатып алат. Улуттук банк унций үчүн жакшы баа берет, ал Лондондук биржанын (LBMA) кечки фиксингине барабар. Анын үстүнө акчаны которуу “Кыргызалтынга” салыштырмалуу бир банктык күндө жүргүзүлөт.
Тилекке каршы, заводдун техникалык жактан чектелгендигиненби же алтын куймаларын даярдоонун баасына байланыштуубу, айтор 100 граммдыктан сырткаркы бардык алтын куймалары Казакстанда даярдалат.
Улуттук банктын төрагасы Т.Абдыгулов 100 граммдык эмес алтын куймаларын КНСтен бошотууну Өкмөттөн суранды, себеби алардын граммына болгон баа КНСсиз сатылып жаткан 100 граммдык алтын куймаларынын баасынан жогору.
Ошентип бизде өкмөт алдында бир нече жолу көтөрүлгөн 2 суроо пайда болду.
Биринчиси: Кара-Блта шаарындагы Аффинаждык завод эмнеге ушул убакка чейин 100 граммдык эмес алтын куймаларын чыгара албай келет?
Экинчиси. Балким кардарларга кызыксыз болгон алтын куймаларын сатуудан алып салуу керек? Мисалы инвесторго-кардарга 1 граммдык алтын куйманын эмне кереги бар? Улуттук банктын 100 граммдык алтын куймаларын сатып алуу өтө кыйын экени баарына белгилүү. Дайыма товар барбы билип туруу керек жана аны сатып алуу үчүн жетишүү зарыл. Суроо-талап жок болгондуктан 1,2,5,10 жана 31 граммдык алтын куймалары дайыма сатыкта бар.
Коомчулук жана бийлик дайыма “Кыргызалтынды” банкрот болуудан кантип сактап калса болоруна баш оорутуп келет, а биз болсо Казакстандан алтын куймаларын сатып алып жатабыз. Аны өзүбүздүн өлкө деле чыгара алат да.