Маалыматка караганда, Ош жана Кара-Суу шаарларында лицензиясы жок акча алмаштыруу жайын иштеткени үчүн 3 жаранга 100 миң сомдон айып салынды.
Акча алмаштыруу жайларында банктык мыйзамдарды бузгандарга карата салына турчу айыптын түрлөрү 2017-жылы бекитилген. Анын көлөмү 10 эсеге жогорулатылган. Улуттук банк муну менен мыйзамсыз иштеген акча алмаштыруу жайларын кыскартууну көздөөдө.