Улуттук банк Башкармасы 2018-жылдын 28-майында эсептик чен өлчөмүн (чен саясаты) 25 базистик пунктка 4,75 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Чечим 2018-жылдын 29-майынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасында инфляция төмөн деңгээлде чектелип турууда. Жылдын май айы ичинде (18-не карата) инфляциянын жылдык мааниси жыл башындагы 3,7 пайыздан төмөндөп олтуруп, 1,6 пайызды түзгөн. Баанын төмөндөшү товарлардын азык-түлүк тобу боюнча жүрүүдө, бул эл аралык азык-түлүк рыногунда алгылыктуу жагдайдын сакталышы менен шартталган. Азык-түлүккө, анын ичинде импорттолуп алынгандарга баанын туруктуу сакталышы менен катар эле, ички суроо-талаптын учурда калыбына келип жатышы орто мөөнөттүк мезгил ичинде баанын акча-кредит саясатынын максаттуу көрсөткүчүндө – 5–7 пайыз чегинде сакталарына өбөлгө түзөт.
Кыргызстандын соода боюнча өнөктөш өлкөлөрүндө калыптанган экономикалык жагдай жана алардын келечек багыты республиканын экономикалык өнүгүшү үчүн алгылыктуу өбөлгөлөрдү түзүү менен өсүш тенденциясынын сакталып калышын бекемдөөдө. Республиканын экономикасындагы алгылыктуу өсүш арым акча которуулардын туруктуу агымы жана эмгек акынын көбөйүшү алкагында өсүшкө ыктаган чогуу алгандагы суроо-талап менен колдоого алынууда. 2018-жылдын январь-апрель айларынын жыйынтыгы боюнча айкын ички дүң өнүм 1,3 пайызга, ал эми «Кумтөр» алтын-кенин казып алуу ишканаларындагы маалыматтарды эске албаганда 2,5 пайызга өскөн. Экономиканын негизги секторлорунда өндүрүштүн күч алышы байкалууда. 2018-жылы өлкө экономикасынын реалдуу сектору потенциалдуу деңгээлге чейин жеткен өсүштү тастыктоодо.
Монетардык сектор алгылыктуу тенденциялардын сакталышы менен мүнөздөлүүдө. Банк секторунда ликвиддүүлүк жетиштүү деңгээлде. Акча рыногунда пайыздык чендер Улуттук банк белгилеген пайыздык чекте сакталып, пайыз саясаты ченине жакындашууда. Банктар аралык кредиттик ресурстар рыногунда жигердүүлүк сакталууда. Буга чейин көрүлгөн акча-кредит саясатынын чаралары кредит боюнча рыноктук чендердин төмөндөшүнө жана экономиканы кредиттөөкөлөмүн арттырууга таасир этүүдө. Учурда ички валюта рыногунда жагдай туруктуу.
Тышкы инфляциялык таасир жана өсүшкө ыктаган чогуу алгандагы суроо-талап, кошумча таасирлер келип чыкпаган шартта өлкөдө келерки мезгил ичинде алгылыктуу инфляция динамикасын камсыз кылат. Тышкы сектор шартташы ыктымал болгон тобокелдиктерди тескөөгө алууга мүмкүн экендигин жана ички шарттардын өнүгүү багытын эске алуу менен Улуттук банк эсептик чен өлчөмүн төмөндөтүү чечимин кабыл алган. Бул, албетте экономиканын реалдуу секторуна өбөлгө түзүүчү чараларды андан ары колдоого алууга мүмкүндүк берет. Улуттук банк келерки мезгил ичинде да тышкы таасирлер орун албаган шартта, акча-кредит саясатынын учурда жөнгө салынган багытын улантууга ниеттенүүдө.
Борбордук банк туруктуу негизде инфляцияга карата тышкы жана ички факторлордун таасирине баа берүү менен экономикалык жагдайга жараша акча-кредит саясатынын тиешелүү чараларын көрөт.