• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Улуттук банк: Электрондук капчыкты банктык эсеп аркылуу толукталат

👁 728

Улуттук банк Башкармасы тарабынан электрондук капчыкты толуктоо тартибин тактоого жана электрондук акча чыгарууда, эсебин жүргүзүүдө жана сактоодо келип чыгышы ыктымал болгон тобокелдиктерди алда-канча азайтууга өбөлгө түзгөн «Кыргыз Републикасында электрондук акча жөнүндө» жобого сунушталганөзгөртүүлөр жана толуктоолор бекитилди. 

Токтом, Улуттук банктын расмий интернет сайтына жарылангандан 15 (он беш) күн өткөндөн кийин күчүнө кирет. 

Улуттук банк Башкармасынын токтому электрондук капчыкка байланыштуу иш багытына тыюу салбайт, тескерисинче, аны толуктоо ыкмаларын тактоо жагында өзгөртүүлөрдү сунуштайт. Капчык ээлери аны төмөнкү ыкмалар менен толуктоого мүмкүнчүлүк түзөт: 

- банктык эсептен чегерүү

- тастыкталган электрондук капчыктардан которуу; 

- банктык эсеп ачуусуз эле, Улуттук банкта каттоодон өткөн акча которуу системалары аркылуу; 

- автоматташтырылган терминалдарга (cash-in), банк-эмитенттин кассасына, жана ошондой эле коммерциалык банктардын агенттерине жана/же төлөм уюмдарынын агенттерине нак акча каражаттарын төлөө

Мында, Улуттук банк Башкармасынын жогоруда белгиленген токтомуна ылайык, товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулардын абоненттеринин (колдонуучунун) өздүк эсебинен, ошондой эле товар жана кызмат көрсөтүү үчүн аванстык төлөмдү электрондук капчыкка чегерүү менен аны кайтарып берүү аркылуу толуктоого жол берилбейт. 

Учурда колдонулуп жаткан электрондук капчыктар бардыгы азыркы учурдай эле жеткиликтүү болоорун эске салабыз. Бул токтомдун күчүнө киргенге чейин уюлдук байланыш операторлору өз абоненттери  электрондук капчыктын ээлери менен өздүк эсептериндеги (баланстагы) өз электрондук капчыктарын толуктоого жана/же башка товар жана кызмат көрсөтүүлөрдү сунуштоочулордун пайдасына төлөм жүргүзүүгө багытталган калдыктар боюнча тиешелүү иш-чараларды өткөрүүсү зарыл. 

Ушуну менен катар электрондук капчыктарды жогоруда аталган ыкмалар аркылуу толуктоого мүмкүн экендигин да баса белгилеп кетмекчибиз. 

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости