Улуттук банк берген маалыматка караганда, банктар аралык валюта соодасында 1 доллардын орточо наркы 68,37 сомду түздү.
Евронун курсу 0,75 пайызга жогорулап, 1 евро 80,85 сомго бааланды.
Теңгенин наркы 0,14 пайызга төмөндөп, 0,20 сом болууда.
Ал эми рублдин курсу 1,14 пайызга жогорулап, 1 рубль 1,09 сомдон сатылууда.