Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүү боюнча узак мөөнөттүү стратегиянын толук иштелип чыккан долбоору февраль айында улуттук кеңештин кароосуна коюлат.
Документ мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги алдында даярдалган.
Стратегия Кыргызстанды 2040-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы мындан алты жыл мурда бекитилген 2017-жылга чейин туруктуу өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын логикалык уландысы экенин эске салалы.
Кыргызстандагы бизнес коомчулуктун өкүлдөрү стратегиянын ишке ашырылышына көмөкчү болот. «BizExpert» аналитикалык борборунун директору Улук Кыдырбаев ушул багыттагы суроолорго жооп берди.
–Бизнес коомчулуктун улуттук стратегияны чогуу ишке ашырууга катышып жаткандыгынын максаты тууралуу айтсаңыз?
–Өлкөбүздү өнүктүрүү боюнча алдыда узак мөөнөттү камтыган чоң программаны ишке ашыруу кадамы турат. Биз, бизнес сектордун өкүлдөрү ушул мамлекетте жашайбыз, өлкөбүздүн экономикасына таасирибиз абдан чоң. Катчылык тарабынан ишкерлердин катышуусунда эки ирет чогулуш болду. Анда ишкерлер стратегия боюнча өздөрүнүн ой-пикир, сунуштарын беришти. Талкуу аябай кызыктуу болду. Жыйындын башында катчылык биз үчүн долбоордун бет ачарын өткөрүп, омоктуу делген максаттар, негизги багыттар жөнүндө маалымат бергенден кийин эркин түрдө ар бир катышуучу өзүнүн көз карашын билдиргенге мүмкүнчүлүк жаралды. Албетте, талкууда айтылган көйгөйлүү маселелер бүгүнкү болуп жаткан көрүнүштөрдүн негизинде айтылды. 2040-жылы Кыргыстан кандай болушу керек? деп ар бир бизнес коомчулуктун өкүлүнүн пикирин билүү маанилүү болду. Стратегияны жазган эксперттер келечектеги Кыргызстаныбыз кандай болорун элестетип, кандай кылышыбыз керек деп, албетте сураганда аябай оор болду. Ошол эле убакта талкууга катышкан ишкерлер көп чет өлкөлөрдө болуп келген адамдар. Сырттан көргөн жакшы тажрыйба, өрнөктү айтып берип, ошол саамалыкты биздин өлкөдө да жайылтуу керектигин айтышты. Мисалы, ошол эле өкмөт менен ишкерлердин ортосундагы мамиле кандай болушу керек, паракорчулук менен кантип күрөшүү керек, дегеле калктын жашоо сапатын жогорулатууда эмне кылуу керек? — деген суроого жооп издедик. Баары эле ушул маселени талкуулаганда ар бир эркин микрофон аркылуу айткандыктан талкууга катышкан эксперттер ой-пикир, сунуштардын негизги өзөгүн алып туруп тезис катары жазып алышты.
–Сиз ушул стратегия иш жүзүнө толук ашарына ишенесизби?
–Эми бул суроого келсек, анын эки тарабы бар. Албетте биз өлкөбүз эгемендик алган мезгил ичинде канча программа, стратегия жазылды эле деп суроо койсок болот. Алардын аткарылышы, натыйжалуулугу канчалык болду деген суроо ачык бойдон калды. Ушул программаларды кимдир бирөө бааладыбы? Тилекке каршы бул суроолордун баарына бир эле жооп бар. Биз али алардын жыйынтыгын көрө элекпиз.
Азыркы жүзөгө аша турган 2040-жылга чейин өнүктүрүү стратегиясы абдан узак мезгилди камтыйт. Бул документ абдан маанилүү. Эгерде биз стратегия, пландарды беш жылдык мөөнөт менен чектей берсек, 50 же 100 жылдын ичинде Кыргызстан кандай мамлекет болорун элестете албайбыз. Тарыхта беш жыл деген убакытты кичинекей эле кадам катары сыпаттасак болот. Ал бат эле өтүп кетет. Ошол себептен 2040-жылга чейинки документ абдан пайдалуу, максаттуу стратегия. Биз программа кагаз жүзүндө эле калбастан ар бир, жарым жылдын ичинде баа берилиши керектигин сунуштадык. Биз туура жол менен кетип жатабызбы, балким бир жеринде адашып калгандырбыз деп ар дайым туура багытты аныктап турушубуз керек. Бул абдан маанилүү нерсе. Ошондуктан бул жалаң эле өкмөттүн жоопкерчилиги эмес, бизнес коомчулуктун өкүлү катары биздин, массалык маалымат каражатынын өкүлү катары сиздин дагы, жалпы коомчулуктун жоопкерчилиги . Эгерде биз көз кырыбызды салып, көңүл буруп турбасак, албетте өкмөт алмашат, кийинки келген өкмөт мурдагы өкмөттүн ишин кайталабашы турган иш. Жаңы келген жетекчи балким бул стратегияны түшүнбөй өзүнүн жумушун нөлдөн баштаса, анын туура эмес кадамга барып жатканын бирөө айтпаса, ал өз оюнда туура иш алып баруудамын деген ой менен жүрө берет. Ошол себептен ар бирибиздин жоопкерчилигибиз бар. Бул стратегияда абдан чоң, дымактуу максаттар коюлбаса да, ага жетүү үчүн ар бир кадамды көзөмөлдөп турушубуз керек. Эгерде туура эмес бара жатса, сөзсүз түрдө аны айтып, артка чегинишине, ишти туура алып кетишине көмөкчү болушубуз зарыл. Стратегиянын ийгиликтүү ишке ашышы – бийлик, коомчулук менен тыгыз иштетишинен көз каранды.
–Сиз 2040-жылы Кыргызстанды кандай элестетесиз?
–Эсимде кайсы бир жыйында ишкер айым мекендешибиз абдан сонун, дал бутага аткандай таамай сөз айткан. Ал “Кыргызстан дүйнөдөгү №1 мамлекет” деген сөз болчу. Ал абдан амбициялуу сөз айтты. “Жакшы тилек – жарым ырыс” деп, кур дегенде онунчу орунчу алсак дагы болот деген максат менен кете берсек, анда ар дайым артта кала беребиз. Кыргызстан иш үчүн, жашоо үчүн эң ыңгайлуу мамлекет болушу керек, жаңы төрөлгөн наристелердин бакубат келечеги, улгайгандардын кадырлуу карылык доору үчүн, сапаттуу билим алуу үчүн, илимдин ордосу үчүн, айтор бардык жарандар үчүн эң ыңгайлуу мамлекет болушу керек. Айлана-чөйрө таза, адеп-ахлакты туу туткан, нарк-насилди сактаган калк болушубуз абзел. Жолдорубуз түз, кечкисин жарык өчпөгөн, жемкорлуктан арылган өлкөнү элестетем. Баарыбыздын эле түпкү максат, изги ниетибиз эле ушул эмеспи.
Назгүл Бостонбаева