Өлкөдөгү суунун көлөмү боюнча Кыргызстан КМШ өлкөлөрүнүн ичинен 3-орунда турат. Бирок тилекке каршы, бул мүмкүнчүлүктүн 10 %ы гана колдонулуп келет. Мунун баарын колдоно турган болсо бир топ бийиктиктерге жетишет элек. Чакан ГЭСтерди куруу көп каражатты талап кылат деген кептер айтылып келет. Ушундайбы? Чакан ГЭСтердин баасы тууралуу «Чакан ГЭС» ААКсынын техникалык директорунун орун басары Кылычбеков Улан Райымкулович менен маек курдук.
Чакан ГЭС – бул аз көлөмдөгү электр энергиясын иштетип чыккан гидроэлектростанциялар. Бардык өлкөлөр үчүн чакан гидроэлектрстанциялары тууралуу түшүнүк жок. Ар бир мамлекет кубаттуулугун өзү коёт.
Кыргызстанда ал 1 ден 30 МВТка чейин. Чакан ГЭСтерди куруу имараттарды, станцияларды, электр жабдууларын, гидроагрегатты, бөлүштүрүүчү жабдууларды суу менен камсыз кылууну камтыйт. Биздин акыркы маалыматтар боюнча чакан ГЭСтерди куруу 1 кВт сат үчүн 1200–1500 долларды талап кылат.
Чакан ГЭСтерди курууга өтө көп каражат керек. Ошондуктан биз инвесторлорду тартабыз, бирок албетте аларга да акча төлөө керек. Станция өзүн актагыча биз коротулган каражатты өз баасына кошобуз. Ошондо актаганга чейинки убакытта ГЭСтерди өз баасы 3–5 сомго чейин жогорулап кетет, бул инвесторлордон алынган насыянын мөөнөтүнөн дагы көз каранды.
Бизде энергиянын кайра жаралуучу булагы боюнча мыйзам бар ошондуктан көпчүлүк инвесторлор кызматташууга кызыкдар. Бул мыйзам боюнча бөлүштүрүү компаниялары электр энергиясын кВт үчүн 4 сом 70 тыйындан сатып алышса болот.
Бул инвесторлорду тартат, себеби 4 сом 70 тыйындан эсептегенде өзүн-өзү актоо мөөнөтү 6–7 жыл болот. Ошондуктан алар каражатын салууга даяр. Андан соң чакан ГЭСтерде электр энергиясынын баасы 60 тыйындан 1 сомго чейин болот. Бул орточо эсеп менен. Чакан ГЭСтер орто жана чакан бизнестин арасында атаандаштыкты туудуруп, ага туруктуу болуп келет.
Негизги артыкчылыгы – бул экологиялык жактан тазалыгы. Эгерде каржылык жактан карай турган болсок, Кыргызстанда чакан ГЭСтерди куруу пайдалуу. Биринчиден – рельеф мүмкүнчүлүк берет. Электр энергиясын иштетип чыгууга ыңгайлуу суулар көп. Кошумча өзүн-өзү актоо убагындагы баа менен учурдагы тарифте чоң айырма бар.
Мындан жакшы бизнес кылса болот. Бирок ири ГЭСтерге караганда чакан ГЭСке коротулган каражат көп болорун айтып ктишим керек. Башкача айтканда, эгерде биз чакан ГЭСти куруу үчүн 1 кВт электр энергиясына 1200 доллар коротсок, чоң ГЭСтерде ал бир топ эле аз болот. Эгер биз чакан ГЭСтеги 1 мВт үчүн 1 млн 200 доллар коротсок, чоң ГЭСтерге 100 мВт үчүн 1 миллиард 200 керек. Мындай чоң каражаттарды тартуу кыйын.
Негизинен чыгымдар гидроагрегаттарды капиталдык оңдоодон өткөрүүгө, техникалык кызмат көрсөтүүгө жана жабдууга кетет. Сан менен айтсак жылдык бюджеттин 40 %ы эксплуатациялык чыгымдарга кетет. Маянага дагы көп каражат кетет, анткени чакан ГЭСтер автоматташтырылган эмес. Жабдуу болсо эски, бат-баттан оңдоп туруу кажет.
Биз ири авариялар болбосу үчүн эрте эле туура эмес жерлерди оңдоп, кароолорду жүргүзүп турабыз. Ошондуктан авариялар жыл сайын азаюуда. Негизги маселе генераторлордо болот бирок биз маселени өз убагында чечип келебиз.
Бардык эле электр жабдууларынын колдонуу мөөнөтү 25 жыл. Гидро куралдар болсо 40 жылга чейин туруусу керек. Биздин чакан ГЭСтер 1913-жылдан баштап курулуп, 1917-жылы орнотулса, 1928-жылы ишке киргизилген. 100 жылдан ашуун убакыттан бери иштетилип келе жаткан жабдуулар бар, алар болгону 25 жыл кызмат кылат делинген. Албетте, кээде оңдоо иштерин жүргүзүп, жаңы технологияларды колдонгон учурлар кездешет.
Гидро куралдарда жаракалар болот, суулар агып калат, аны жасоо үчүн пенетрон сыяктуу заманбап материалдарды колдонобуз. Ал бетондун курамына кирип, аны ичинен катуулап, аккан жерлерди бекитип калат. Абдан пайдалуу материал. Көйгөйлүү жерлерде болсо электр жабдууларын болсо мүмкүн болушунча, бюджетке карап алмаштырып турабыз.
Жакында эле ГЭС 1, ГЭС 2, ГЭС 5 генераторлорунда электр машинасы аркылуу кыймылдаткычтарды тиристордукка алмаштырдык. Алар ишенимдүү. 2011-жылдан тарта биз май менен иштеген өчүрүүчүлөрдү вакуумга алмаштырып жатабыз. Анткени вакуумдуунун чыгымдары жокко эсе. Алар 25 жыл иштейт жана 50 000 өчүрүү циклине ээ.
Недавно заменили на генераторах ГЭС 1, ГЭС 2, ГЭС 5 электромашинные возбудители на тиристорные. Они более надежные. С 2011 года мы работаем над заменой масляных выключателей, на вакуумные. Ведь эксплуатационные затраты вакуумных выключателей почти нулевые. Они работают более 25 лет, имеют цикл отключения – 50 000.
Ар кайсы өлкөлөр менен иштешебиз. Мисалы вакуумдуу өчүргүчтөрдү бизге Астананын «Таврида электрик» компаниясы алып келет. Бул орусиялык завод, өкүлчүлүгү Казакстанда ачылган. Кытай менен дагы кызматташабыз.
Быйыл «Тайкай» фирмасынын 110 кВтык өчүрүүчү аппараттарын алып келүүнү пландап жатабыз. Тиристордук кыймылдаткычтарды Орусиядан алып келебиз. Швециядан, Англиядан дагы жабдуулар алынат. Бизге жабдууларды чыгаргандар келишип, презентация өткөрүп турушат. Балким келечекте алар менен дагы кызматташабыз.
БУУнун чакан ГЭСтерди өнүктүрүү ПРООН долбоору бар. Алар негизинен маалымат жагынан жардам беришет. Аларда чакан ГЭСтер тууралуу китептер бар аны колдонсо болот. Ошондой эле бизге Япониядан «Джайка», долбоору боюнча сунуш түшкөн, башкача айтканда, Лебединовкадагы ГЭСти заманбапташтыруу боюнча сунуш болгон, биз шарттарын карап, пайдасы жок болгондуктан баш тарттык.
Биздин негизги маселебиз – жер бөлүү. Эгерде бизге тиешелүү жер болсо, инвесторлорду тарта алабыз. Мыйзамга ылайык ГЭСтерди курсак болот. Бирок биз мамлекеттик ишкана болгондуктан мунун баарын бюджетке киргизишибиз керек, пландап туруп жогорку органдар менен макулдашуубуз зарыл.
Инвестицияларды илгерилетүү агенттиги тендер өткөрөт, чакан ГЭСтер тууралуу жакында эле бекитилген жобо бар. Эгерде катышсак тендер утуп алабыз. Бизге инвестор табышат, биз эсептеп чыгабыз, жер бөлүнүп куруу иштерин баштайбыз. Мамлекет тарабынан болгон жардам ушул.
Маалымат.
«Чакан ГЭС» ААКсы «Кыргыз Энерго Холднигдин» курамында негизделген. Кыргызстандагы сууларды эффективдүү пайдалануу үчүн 2000-жылдын 22-майында Аламүдүн ГЭС каскады реструктуризация болгондон кийин «Чакан ГЭС» акционердик коому болуп түзүлгөн. 2009-жылдын май айынан тарта Быстровка ГЭСи «Чакан ГЭС» ААКсына кирген.
«Чакан ГЭС» ААКСынын негизги багыты электр энергиясын иштеп чыгуу жана сатуу. Анын курамына Аламүдүн чакан ГЭСтер каскады жана Быстровка ГЭСи кирет.
Жылдыз Самудинова