“Дөөлөт казынасы” – коомдук фондунун алдында түзүлгөн Соода-экономикалык тармагы эл менен өндүрүүчүнүн ортосунда түз байланыш түзүп берет. Бул тууралуу аталган тармакты көзөмөлгө алган экономист Улан Каримов толук маалымат берди.
“Дөөлөт казынасы” коомдук фондунун алдында Соода-экономикалык тармагы түзүлгөн. Аталган тармак башка кошуна мамлекеттерден Кыргызстанга келип жаткан товарларды ортомчусуз түз элге жеткирип берет. Мындай кадамдардын жасалуусу Кыргызстандын экономикасына бир кыйла колдоо. Ошондуктан өкмөт тараптан бут тозуулар болбошу керек. Эгерде мамлекеттик уюмдардан артка тартуу болбосо өлкө келечеги үчүн өбөлгө болот. Бул иш Кыргызстан боюнча жайылса, бир эле өндүрүшкө 3–4төн ээлик кылган ортомчулар жоюлуп, продукция арзандайт.
Соода-экономикалык тармактын негизги максаты — кыргыз элин жакырчылыктан чыгаруу жана элдин жашоосуна жеңилдиктерди түзүп берүү болуп саналат. Ошондой эле ар бир аймак, климат, шарттарына жараша жарандарга жумуш орундары түзүлүп, эл иш менен камсыз болот.
Учурда, » Дөөлөт казынасы » — коомдук фондунун соода — экономикалык тармагы кышка камылга көрүп, көмүр шахтылары менен келишим түзүүдө. Андан жакыр жашаган үй-бүлөлөргө өз баасында жеткирип берүү планы алдында турат. Мындан ар бир региондогу аз камсыз болгон үй бүлөлөр ала алат.
Алдыда аткарыла турган эң жакшы кадамдардын бири Кыргызстандагы ар бир аймакта элге керектелүүчү өнүмдүн кампасын ачуу. Бул кампага элде өндүрүлгөн баардык продукция киргизилет. Кампадан өздөрүнө керек болгон товарга алмаштырып кете алат. Ошону менен бирге эле кошуна мамлекеттерден келген товарларды дагы ачылган кампаларга бөлүштүрүп, элге жеңилдиктерди түзүп берүү.
Наргиза Өмүрбек кызы