2018-жылдын 25-апрелинде “Зеленхоз” муниципалдык ишканасынын кызматкерлери тарабынан тамырлары жабык системасы менен ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 221−304− 306-беренелери боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде тергөө жүргүзүлүүдө.
Бекитилген бюджеттик пландын негизинде ири көлөмдүү көчөттөрдү сатып алууга май айында 60 млн сом каралган.
2017-жыл аралыгында «Арт Грин» ЖЧКсы менен жалпы суммасы 18 млн 615 миң 980 сомго барабар 4 келишим түзүлгөн.
Учурда кылмыш ишинин алкагында көчөттөрдү сатып алуу фактысы боюнча аудит жүргүзүлүүдө.