Тогуз-Тородогу “Макмалалтын” кенинин айланасында «Жи Эл Макмал Девелопинг» алтын чайкоочу комбинатын курууга лицензия мыйзамсыз берилген. Буга байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Архитектура жана курулуш мамлекеттик агенттигинин алдындагы мамлекеттик экспертиза департаменти аталган компанияга экологиялык экспертизанын чечими жок лицензия берген.
Бул документтин негизинде 2017-жылы Тогуз-Тородогу алтын чайкоочу фабриканы курууга уруксат берилген.
Бул фактынын негизинде Кылмыш жаза кодексинин 304- кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу, 221-коммерциялык же башка уюмдардын кызматчыларынын ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу беренелеринин негизинде кылмыш иши козголду.
Эске салсак, 11-апрелде Тогуз-Торо районунда митингге чыккан эл «Джи Эл Макмал Девелопинг» компаниясынын имаратын жана техникаларын өрттөп жиберген.