• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Учурда жакырчылыктын деңгээли 30%

👁 1,237

Бүгүн, 22-январда Жогорку Кеңештин Бюжет жана финансы комитетинин депутаттары менен Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Болормаа Амгаабазар баштаган Аурельен Крузе, Саумя Митра, Мартин Негеле жана башка өкүлдөрү менен жолугушуп, өлкөнүн каржы-экономикалык абалы тууралуу талкуу болду.

Каржы уюмунун берген маалыматы боюнча, 1992-жылдан бери алар Кыргызстанды ар башка тармактарына 1.5млрд доллар инвестициялык долбоорлорду каржылаган. Алардын башкы милдети жакырчылыкты азайтуу экенин билдирди.

Мындан тышкары Дүйнөлүк банктын Кыргызстандын учурдагы бюджетине, экономикалык абалына жана келечегине жүргүзгөн анализдери тууралуу баян жасалды. Талкууда депутаттар Акылбек Жапаров менен Мурадыл Мадеминов Дүйнөлүк банк тараптан берилип жаткан жардамдарга ыраазылык билдирүү менен, бирок, донорлордон абдан көп каражат келгени менен, натыйжалуу колдонулбай жатканын белгиледи. Депутат Акылбек Жапаров иликтөөлөргө таянып, 2005-жылдарга чейин жакырчылыктын деңгээли азайганын, бирок андан бери бир орунда токтоп турганын айтты.

Дүйнөлүк банктын Кыргызстандагы өкүлүнүн айтканына караганда, 1990-жылдарда жакырчылыктын деңгээли 60 пайыз болсо, азыр 30 пайызды түзөт. Ал эми эл өкүлү Мурадыл Мадеминов Кыргызстандын калкынын 60 пайызы элетте айыл-чарбасы менен жашаганын эске алып, бул тармакка көп көңүл бурууну өтүндү.

“Мен көрүнүктүү же сезилерлик чоң долбоор жүзөгө ашканын көргөн жокмун. Бизде элдин 60% аймактарда жашап, айыл-чарбасы менен алектенет. Бирок сиздердин алдыңкы беш жылдык планыңыздарга ирригациялык долбоорлор кирбептир. Биз ирригацияны жакшыртууга абдан муктажбыз. Ошондуктан мындай долбоорлорду да колдооңуздарды өтүнөм,”-деди М. Мадеминов.

Айыл чарбасын өнүктүрүү боюнча эл өкүлү Таалайбек Масабиров сөздү улап, каржылык уюм Ысык-Көл облусунда сүт тармагын өнүктүрүү боюнча долбоорду колдоп жатканына ыраазылык билдирди. Депутат жумурияттын 7 дубанында тең экспортко негизделген продукциялар бар экенин айтып, пропорцианалдуу түрдө бардык облустарда айыл-чарба долбоорлорун колдоону өтүндү. Дүйнөлүк банктын өкүлдөрү мүмкүнчүлүгү жогору аймактарды иликтеп, кайрадан карап чыгарын айтышты.

Ал эми депутат Үмбөталы Кыдыралиев Кыргызстандын экономикасынын локомотиви энергетика тармагы экенин айтуу менен бул секторду реформалоо боюнча Дүйнөлүк банк кандай конкреттүү сунуштарды бере аларына кызыкты.

Жолугушууда тараптар мындан башка дагы бир топ маанилүү маселелер боюнча пикир алышып, кызматташуунун келечеги тууралуу сүйлөштү.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости