Бул Мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Президентинин 2013-жылдын 12-ноябрындагы «Бийлик органдарында саясий жана системалык коррупциянын себептерин жоюу чаралары жөнүндө» Жарлыгын жана 2.4 пункттун Өкмөттүн алдындагы Салык кызматынын коррупциялык схемаларын алдын алуу планына ылайык иштелип чыккан.
КРнын административдик жоопкерчилик тууралуу кодексинин 351-беренеси жарандар, кызматтык адамдар жана юридикалык жактар салык отчётун белгиленген мөөнөттө беришпесе административдик жазага тартылат.
Эми салык төлөөчүлөр белгиленген убакытка чейин отчёт беришпесе салык суммасына карабастан бирдей өлчөмдө айыппул төлөшөт.
Керек болсо нөлгө барабар болгон отчётту берүүдөн кечиккендер дагы айыпка жыгылат.
Бул мыйзам долбоору 2017-жылдын 11-апрелинде Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде экинчи окууда жактырылды.