• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Туризмдин өнүктүрүү үчүн жолдор маанилүү

👁 670

Кыргыз Республикасынын Вице-премьер-министри Дайыр Кенекеев, 14-декабрда Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоо боюнча жумушчу кеңешме өткөрдү.

Кеңешме өлкөнүн бардык министрлик жана ведомство жетекчилеринин катышуусунда аймактардын көйгөйүн ыкчам чечүү боюнча үзгүлтүксүз жолугушуулардын алкагында өткөрүлгөн. Мурда мындай кеңешмелер Баткен, Нарын, Ош жана Чүй облустары боюнча өткөрүлгөн.

Кеңешменин жүрүшүндө Дайыр Кенекеев Ысык-Көлдүн жээгиндеги айланма жолдун (Балыкчы-Корумду) курулушун мөөнөтүндө бүткөрүү, Түп-Кеген трассасын оңдоо, ошондой эле аймактын ички жолдорун жакшыртуу жана облус калкын ичүүчү таза суу менен камсыздоо зарылдыгын белгиледи.

Өкмөтүнүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев өз сөзүндө белгилегендей, аймакты өнүктүрүүдөгү келечектүү багыттардын бири катары туризм эсептелет.

«Аталган сектор өзгөчө көңүл бурууну талап кылат, туристтик индустрияны жеткиликтүү уюштурууда бул келечекте жумушчу орундардын санын көбөйтүүгө, инвестициялардын келүүсүнө жана өлкө бюджетинин киреше бөлүгүнүн жогорулашына алып келет», – деди ал.

Аны менен катар эле Узарбек Жылкыбаев чечүүнү талап кылган аталган тармактагы бир катар көйгөйлөрдү белгилеп кетти, алардын катарына Ысык-Көл облусундагы туристтик объектилердин жалпыга таанымал классификациялоо стандарттарын иштеп чыгуу, дагы бир тоо лыжа базасын куруу жана башка маселелер кирет.

Анын айтымында, чечүүгө муктаж болгон социалдык көйгөйлөргө облустагы мектептердин, бала бакчалардын, медициналык кызматкерлердин, тез жардам унааларынын жетишпегендиги кирет.

Ысык-Көл облусун өнүктүрүүнүн келечектүү пландарын талкуулоодо Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү 2020-жылдан тарта полиэтилен баштыктарын жана пластик бөтөлкөлөрдү пайдаланууга тыюу салууну киргизүүнү сунуштады. Ошондой эле пилоттук долбоор катары Ысык-Көл облусунда экологиялык милицияны түзүү сунушталды.

Мындан тышкары, Узарбек Жылкыбаев мамлекеттик орган жетекчилеринин жер-жерлердеги абал менен жакындан таанышуу максатында аймактарга үзгүлтүксүз чыгып туруу зарылдыгы тууралуу пикирин билдирди.

Вице-премьер-министр Дайыр Кенекеев белгилегендей, «Жаңы доорго кырк кадам» программасынын келечектүү багыттарынын бири – өлкө аймактарынын инфраструктурасын жакшыртуу жана өнүктүрүү. Буга байланыштуу мамлекеттик органдар жергиликтүү бийлик менен биргеликте облустагы көйгөйлөр боюнча натыйжалуу чечимдерди кабыл алуусу, аймактарга болгон тийиштүү графикти түзүүсү, аймактардагы министрлик жана ведомстволордун аймактык түзүмдөрүн координациялоону күчтөндүрүүсү зарыл.

Жыйынтыгында Дайыр Кенекеев айтылган сунуштар эске алынып, Ысык-Көл облусун өнүктүрүүгө багытталган Иш-чаралар планына киргизилээрин белгиледи.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости