Маданият министрлигинин өкүлдөрүнөн, туристтик тармактын адистеринен, көз карандысыз эксперттерден түзүлгөн атайын “баалоочу комиссия” өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошуп, чет элдиктерге Кыргызстанды тааныткандарды аныктады.
Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмдун маалыматына ылайык, туризм берген киреше дүйнөлүк рынокко 9 тонна таш көмүр жана 15 тонна нефти же 20 тонна жогорку сорттогу буудай алып чыкканга барабар. Чийки затты сатуу жаратылышка терс таасир тийгизет. Чет жактык экономисттердин эсеби боюнча, орточо эсеп менен 100 миң турист шаарда орточо эсеп менен 2 саат жүрүп 350 миң доллар коротот же ар бир саат сайын бир киши 17,5 доллар сарптайт. Бул акчалар шоппинг кылууга, транспортко, гид кызматына жана башкаларга кетет. Экономиканын башка секторлору менен салыштырмалуу мультипликатор эффекти экономиканын 32 тармагына таасир тийгизип, дүйнөдө ар бир 9-жумуш орунун түзөт.
Экономиканын туристтик тармагы кайра калыбына келүүчү ресурстар менен иштейт. Вице-премьер-министр Чолпон Султанбекова туристтик тармакты бекеринен эң чоң жетишкендик атабаса керек. Өкмөттүн туризмди 2020-жылга чейин өнүктүрүү программасына ылайык, туризм экономиканы өнүктүрүүдө эң башкы тармак болуп саналат.
Туристтик Дестинациялар ар кайсы аймактарда пайда болду. Караколдо, Жыргалаңда дестинациялар пайда болгон. Ошондой эле бир калктуу конуштан “Ысык-Көлдүн түштүк жээги” деп аталган Тоң жана Жети-Өгүз райондору колдогон Дестинация пайда болгон.
Туризмди өнүктүрүүдөгү жаңы багыттар турпакеттердин сатылуусун жогорулатып, 1,4 млн долларга жеткен дагы мейманканаларга, конок үйлөргө келгендердин саны 6%га жогорулаган. Бир жыл ичинде Кыргызстан боюнча Жөө туризм биримдиги менен бирге 20 жаңы каттам ачылып, туристтер үчүн 86 багыт көрсөтүүчү белгилер орнотулган. Ошондой эле туризм менен байланышы бар бардык ишканалар, уюмдар, айтор баары тууралуу маалыматтар чогултулууда. Бул маркетингдин изилдөөлөр үчүн база болуп, веб-сайттарды, туристтик маалыматтык борборлорду түзүүдө чоң жардамчы болот. 6 эл аралык туроператорлор биздин өлкөгө кыргыз жеринин кооздугун көрүү үчүн чакырылган, 17 эл аралык журналисттер, блоггерлер Кыргызстандагы ар түрдүү иш-чараларга келип, ММКларда биздин өлкө тууралуу жазышкан.
Дестинациялардын активдүү мүчөлөрү жаңы жерлерди көрүүгө катышып, башкалар менен тажрыйбаларын бөлүшүштү.
Өткөн турсезон көптөгөн көргөзмөлөр, конференциялар, фестивалдар, театралдаштырылган иш-чаралар, концерттер менен эсте калды. Ар бир иш-чара жергиликтүү калктын биримдүүлүгүн сактап, коомчулуктун, бийликтин көңүлүн буруп өлкөнү алыстарга таанытууга мүмкүнчүлүк түзүп берди. Жана ар бир ушундай долбоор аймактын экономикасын өнүктүрүүгө салымын кошту.
Баалоочу комиссия туризм боюнча адистерди даярдоочу мыкты окуу жайды, мыкты инновациялык долбоорлорду, туризмди өнүктүрүү боюнча мыкты идеяларды аныктады.
Депутат Таалайбек Масабиров Кыргызстанда кооз жерлер көп экенин белгилеп, жергиликтүү коомчулуктун жардамы менен ал жерлер чет жактарда дагы белгилүү болорун айтты.
Жыйынтыктар чыгарылды. Улуттук премиялар тапшырылды. “Майда кадамдар менен болсо дагы Кыргызстанды гүлдөтүү максатына бара жатабыз”,-деди Азамат Жаманкулов.
Ирина Байрамукова