Катышуучулардын көпчүлүгү Бишкек шаарында (138 адам) жана Чүй облусунда (66 адам) жашайт.
2016-жылдын ортосунан тарта ипотекалык насыяны алуучулардын тизмеси 15 эсеге кыскарды. Башка аймактарда 175 адам бар:
–Ош шаары – 45 адам;
–Нарын облусу – 44 адам;
–Ош облусу – 25 адам;
–Жалал-Абад облусу – 21 адам;
–Баткен облусу – 16 адам;
–Ысык-Көл облусу – 14 адам;
–Талас облусу – 10 адам.
Мамлекеттен насыя алгысы келгендердин саны кыскарганы көрүнүп турат. Бирок МИК кол куушуруп отурган жери жок. 2017-жылдын жайынан тарта бюджет кызматкерлери үчүн гана эмес, калктын бардык катмарына насыя берүү тууралуу программаны ишке киргизди.
Себеби турак-жай алууну каалагандардын маянасынын көлөмү алынган насыяны ай сайын жаап турууга жетпей келгендиктен кыйынчылыктар жаралган.