• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Транспорттук коопсуздук ЕАЭБдеги маанилүү аспект

zhel-dor-4

👁 846

2017-жылдын 7- декабрында Москва шаарында КМШнын Координациялык транспорттук жыйынын ХХХVII отуруму РФнын Транспорт министри М. Соколовдун тѳрагалыгы астында ѳттү. Жыйынга Кыргыз Республикасынын Транспорт жана жол министри Ж.Калилов катышты.

Жыйындын ачылышында М.Ю. Соколов коопсуз транспорттук кыймыл, терроризм менен күрѳшүү, эл ташуу, жүк ташууларда жаралган кыйынчылыктарды жокко чыгарып заманбап информационалдык технологиялар менен текшерүү, транспорттук коридорлорду ѳрчүтүүгѳ басым жасаларын билдирди. Министр Шериктеш мамлекеттер ортосундагы эң негизги аспекттердин бирин айтып кетти. Айтымында, азыркы учурда транспорт сферасындагы ченемдик-келишим базасы активдүү иштеп жатаарын да айтты деп билдирди Минтранстын басма сөз кызматы.

Мындан тышкары, КМШнын Ѳкмѳттѳр аралык келишиминин ортосундагы транспорттук каттамдар коопсуздугун маалыматтык бирге кызматташууну күчүнѳ киргизүү керек экенин айтты. КМШ ѳлкѳлѳрүндѳ азыркы учурда жол тармагы интенсивдүү курулуп жатат. Ошондой эле, Жогорку ылдамдыктагы Темир жол системасы, суу жана авиация тармагындагын ѳнүктүрүүдѳ комплекстүү иш-чаралар, транспорттук логистикалык борборлордун курулушу жогорулады.

Жыйындын жүрүшүндѳ тѳмѳнкү маселелер каралды:

  1. Эл аралык транспорттук коридорлордо шарттарын түзүү оператордук бизнестин факторун ѳнүктурүү.
  2. СНГ мамлекеттик кеңешинин отурумундагы кабыл алынган – транспорттук коопсуздук документтерин ишке ашыруу.
  3. СНГ ѳлкѳлѳрдүн мамлекет ичинде 30.05.2014-жылдагы КМШ ѳлкѳлѳрүнүн катышуусундагы маалыматтык карым-катнаш макулдашуусу транспорттук коопсуздук областын күчүнѳ киргизилиши.
  4. Мамлекеттердин транспорттук коопсуздук стратегияларын жүзөгө ашыруу үчүн артыкчылыктуу иш-чаралардын планын жүзөгө ашыруу жөнүндө– Көз карандысыз Мамлекеттердин Шериктештигине мүчө 2017–2019 жылга чейинки мезгил ичинде эл аралык ташууларда транспорттук ишке ашырууда.
  5. Транспорт комплексин санариптик аянтчаны түзүү жөнүндө.
  6. ГЛОНАСС технологиялык коопсуздукту ташуу.
  7. КМШ ѳлкѳлѳрүнүн транспорттук координациялык жыйынынын Уставдык документтерге ѳзгѳртүү киргизүү.
  8. КМШ КТКнин Уставдык документтерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө.
КМШ КТКнин иштери аяктагандан кийин Россия Федерациясынын Транспорт министри М.Ю. Соколов “Көз карандысыз мамлекеттердин Шериктештиги транспортунун ардактуу кызматкери” медалы менен КМШ КТКнин ардак грамоталары менен транспорттук министрликтердин жана ведомстволордун, ишкана жана уюмдардын бир катар жетекчилерин сыйлады.

Кеңешменин маселелери боюнча талкуулар жүргүзүлүп жана протоколдук чечимдер кабыл алынды, алар тараптарга тиешелүү үлгүдө берилет.

Ошондой эле, 2017-жылдын 7-декабрында ЕАЭБге транспорт жаатында мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жетекчилеринин тогузунчу Кеңешмеси болуп өттү. Кеңешмеге Армения Республикасынын Транспорт, байланыш жана маалыматтык технология министри Ваган Мартиросян, Беларусь Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар министри Анатолий Сивак, Казакстан Республикасынын Инвестиция жана өнүгүү боюнча вице-министри Роман Скляр, Россия Федерациясынын Транспорт министри Максим Соколов катышышты. ЕАЭБге КЭРдин Транспорт министрлиги биринчи жолу чакырылып жана КЭРдин делегациясын Кытай Эл Республикасынын Транспорт министринин орун басары Дай Дунчан жетектеп келди.

Жыйындын жүрүшүндө, Дай Дунчан кытай бизнеси үчүн ЕАЭБ өлкөлөрүндөгү транспорттук-логистикалык долбоорлордун өтүмдүү экенин билдирди. ЕАЭБнин өлкөлөрү кытай тарапка 38 долбоорду биргелешип ишке ашыруу үчүн сунуш кылышты. Дай Дунчан сүйлөгөн сөзүндө Кыргыз Республикасынын “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолун куруу”, “Ысык-Көл айлампасы”, “Бишкек жана Ош шаарларында транспорттук-логистикалык борборлорду түзүү”, “Батыш Европа менен Батыш Кытайды бириктирүүчү автомобиль жолун куруу жана калыбына келтирүү” долбоорлорун белгилеп өттү. Кытайдын Транспорт министрлигинин өкүлү мамлекет катышкан долбоорлорго өтө кызыкканын билдирди. Ошонун өзүндө, Дай Дунчан мырза “Биз бардык долбоорлорду тыкыр караштырууга жана андан ары деталдуу изилдөө үчүн тиешелүү структураларга өткөрүп берүүгө ниеттенип жатабыз” – деп айтты. Кытай делегациясынын башчысы “ЕАЭБнин долбоорлорун ишке ашырууну колдоого” ниети бар экенин ачык билдирди.

Россия Федерациясынын Транспорт министри Максим Соколов өз сөзүндө кытай делегациясынын ЕАЭБ мамлекеттеринин транспорт министрлеринин жолугушуусуна катышуусун жакшы белги деп айтты.

ЕЭК Коллегиясынын төрагасы Тигран Саркисян транспорт жана логистика көбүрөөк интеграциялык потенциалы бар жана ЕАЭБ мамлекеттери үчүн экономикалык өсүштүн драйверлери болууга жөндөмдүү тармактардын ТОП-5 кире турганын белгиледи. Ошондой эле, кеңешменин тең төрагасы, ЕЭКтин энергетика жана инфраструктура боюнча министри, Коллегия мүчөсү Адамкул Жунусов “Келечектеги эң башкы приоритет – транспорттун бардык түрү боюнча транспорттук чөйрөдөгү 97 иш-чарадан турган кызмат көрсөтүүнүн жалпы рыногун түзүү үчүн “жол картасын” жүзөгө ашыруу үчүн аларды жакынкы үч жылдын ичинде турмушка ашыруу зарыл” деп белгиледи.

Жолугушуунун жүрүшүндө Евразия экономикалык биримдигинин жана Жибек Жолу Экономикалык алкактын кошулушу боюнча жалпы ойлор талкууланды жана ошондой эле 2017-жылга транспорт чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүнүн жалпы рыногун калыптандыруу боюнча иштер караштырылды.

Андан сырткары, 2017-жылы суу кемелери жөнүндө Макулдашуунун долбоору кол тамгасын коюу үчүн даярдалды, анын жоболору жакынкы арада ишке ашырылат. Каботаждык автомобилдик жүк ташууларды этаптуу либералдаштыруу, авиамаалыматтарды кеңейтүү, жүк ташуу процесстерин санариптештирүү жана бир катар башка долбоорлор боюнча Программаны ишке ашыруу жүрүп жатат.

8-декабрда министр Ж.Калилов “Евразиядагы транспорт жана логистика. Жаңы мүмкүнчүлүктөр” Пленардык дискуссияга катышты жана “ЕАЭБдин алкагында Кыргызстандын транспорттук системасы үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр” темасында доклад жасады. ЕАЭБге киргенге чейин жана киргенден кийинки салыштырма талдоо жүргүзүлдү (2014 жана 2016-жылды салыштыруунун, ошондой эле 2017-жылдын 11 айында 2016-жылдын 11 айына салыштырмалуу статистикасы), ал Биримдиктин алкагында жүктүн көлөмүнүн жетишээрлик жогорулаганын көрсөттү.

Жыйындын акырында РФ ныны Транспорт министри М.Ю Соколов бир катар транспорт багытындагы жеткечилерди, министрлерди «Эгемен ѳлкѳлѳрдүн шериктештигинин Ардактуу транспор жумушчусу» медалы менен сыйланды. Баардык суроолор боюнча талкуу жүрүп, протоколдук чечим кабыл алынып тийиштүү тармактарга жѳнѳтүлмѳкчү болду.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости