«Таза Коом» санариптик программасын жана “Акылдуу шаар” долбоорун ишке ашыруу максатында транспорттук каражаттарды кайра каттоо үчүн шарттарды түзүү негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматы жеке жактардын транспорт каражаттарын жеңилдетилген негизде мамлекеттик кайра каттоо боюнча 2018-жылдын 2-апрелинен тартып 2-июлуна чейин улуттук кампания өткөрүүсү тапшырылды.
Статистика боюнча транспорт каражаттарын сатуу жана сатып алуудагы келишимдердин жарымынан көбү кызыктар жаранга мындан ары колдонуу жана сатып алуучудан акча каражатын алуу максатында ишеним кат берилип келет. Учурда сатуу жана сатып алуу келишиминин расмий каттоонун баасы ишеним катын берүүдөгү баадан бир нече ирет жогору.
Ошондуктан Кыргыз Өкмөтү бардык автосүйүүчүлөрдөн транспортту жеңилдетилген кайра каттоо мүмкүнчүлүгүнөн пайдаланып, автоунаны өзүнө каттатып алууну суранат. Бул келечекте айыппулдарды алуудагы түшүнбөстүктөрдү алдын алууга жардам берет.
Ошондой эле транспорттук каражаттарды мамлекеттик кайра каттоодо колдонулган мамлекеттик каттоо белгилеринин берилиши, алардын ордунда болсо, акысыз түрдө ишке ашырыларын белгилеп кетүү зарыл.