«Бишкек-Нарын-Торугарт». Унаа жолун оңдоо.
Асфальт-бетон төшөө иштери Кытай чек арасына чейин (539 чакырым) жүргүзүлүп, тосмолор орнотулуп, жол белгилери түшүрүлдү. Бул бөлүктөгү куруу иштери бир жылга эрте бүткөндүгүн белгилеп кетүү керек. 2014-жылы башталган Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун 539 чакырымынан 93 чакырымында иштерди бүтүрүү зарыл, 272-чакырымдан 365-чакырымга чейин.
2016-жылы Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда курулуш иштери аяктады:
- «Жаыы-Жер — Баткен» 220-чакырымдан 232-чакырымга чейин;
- «Төрт-Күл — Исфана» 248-чакырымдан 360-чакырымга чейин;
271-чакырымдан 360-чакырымга чейинки бөлүктө курулуш иштери аяктады. Бул бөлүк подрядчиктерге иштеги мүчүлүштүктөр үчүн кайрадан берилди. Курулуш иштери кабыл алынган графикке жараша жүргүзүлдү. Бүгүнкү күнү долбоор боюнча каралган каражаттын 99%ы өздөштүрүлдү.
Борбор Азиядагы жолдорду жакшыртуу программасынын алкагында биринчи фаза боюнча курулуш иштери башталды.
1)Бул долбоор Ош-Баткен-Исфана-Худжант «Исфана — КПП Кайрагач/Маданият» (36 чакырым); «Баткен — Төрт-Күл» (14 чакырым) жана «Баткен — КПП Кызыл-Бел/Гүлстан» (6 чакырым) коридорун оңдоого багытталган.
Бул долбоордун алкагында 100 миң долларга жол-куруучу техника сатылып алынган (самосвал жана фронталдуу жүктөгүч)
«Ош-Баткен-Исфана» унаа жолундагы 75–108-чакырым боюнча (Караван айылынан Көк-Талаа айылына чейин)
Куруучу компанияны тандоо иштери жүргүзүлдү, 2017-жылы подрядчиктер менен келишим түзүп, курулуш иштерин баштоо пландалууда. Долбоорду ишке ашыруу мөөнөтү 2015–2019-жылдар.
2016-жылы “Түндүк-Түштүк” альтернативдүү жолун куруунун 2-фазасы башталды. 15 чакырым жерди жол курууга даярдоо болуп, 50 чакырым убактылуу технологиялык жол курулду, ошондой эле 241, 275 жана 280-чакырымдарда узундугу 160 метрди түзгөн убактылуу көпүрө курулду. Ошондой эле сууларды өткөрүү түтүктөрүн орнотуу иштери башталды. Жыйынтыгында долбоорго каралган келишимдик сумманын 22%ы өздөштүрүлдү.
10 чакырымга асфальт-бетон төшөө пландалып жаткан, бирок 218-чакырымдан 230-чакырымга чейинки бөлүк борпоң болгондуктан жолго даярдоо иштери 2017-жылга чейин калтырылды.
Мындан сырткары биринчи фазадагы жалпы узундугу 154 чакырым болгон «Кызыл-Жылдыз – Арал» (183–195 чакырым) жана «Казарман –Жалал-Абад» (291–433 чакырым) бөлүгүндөгү куруу иштери улантылды.
«Кызыл-Жылдыз – Арал» бөлүгүндө 98 % жумуш аткарылды. Астыңкы жана үстүңкү каттарга асфальт-бетон төшөө иштери бүткөрүлдү.
«Казарман –Жалал-Абад» бөлүгүндө 46% иш аткарылды, дренаждык иштер уланып, көпүрө салуу жана коммуникацияны көчүрүү иштери жүрүүдө. Тоннелдин түштүк тарабынан 255 м, штольнядан 255 м, түндүк тарабынан 312 м, штольнядан 484 м иштер бүткөрүлдү.
3-фазанын алкагында Балыкчы шаарынан Кызыл-Жылдыз айылына чейинки бөлүктө техникалык-экономикалык негиздер боюнча иштер башталды. 2016-жылдын башында “Кыргыз Республикасы жана Азия өнүктүрүү банкынын ортосунда Борбор Азиядагы Экономикалык Кызматташтык Биримдиги 1 жана 3 коридорлорун бириктирүүчү жолдун долбоору боюнча долбоордук-сметалык документти даярдоо боюнча макулдашууну ратификациялоо” боюнча КРнын Мыйзамы кабыл алынган. Ага ылайык, АӨБ 3 млн доллар бөлгөн. Долбоордук-сметалык документацияны даярдоо үчүн JOC (Япония) компаниясы тандалып алынып, учурда алар долбоордук сметалык документацияны даярдашууда.
Рельефтин оордугуна байланыштуу 1-фаза алкагында Көк-Арт ашуусу аркылуу тоннелди баштоо үчүн даярдыктар көрүлгөн. Технологиялык жолдун курулушунан кийин Көк-Арт ашуусу аркылуу эки тарабынан кошумча топографиялык жана гидрогеологиялык изилдөөлөр жүргүзүлдү. Алынган жыйынтыктардын негизинде Казарман–Жалал-Абад бөлүгү үчүн деталдуу долбоор иштелип чыгып, башка иштер менен толукталды. Бул иштер алгачкы долбоорго кирбегендиктен курулуш иштеринин баасы жогорулады. Кошумча жана күтүлбөгөн иштерге 35,518,044.0 доллар керек болот.
Мындан сырткары жолду колдонуучулардын коопсуздугун сактоо максатында 6 жерде 840 чакырымды түзгөн кар көчкүлөрүн түшүрүүчү галерея куруу зарылчылыгы келип чыкты. Галереялардын жалпы суммасы 20 млн долларды түзөт. Ошентип кошумча жана күтүлбөгөн иштер үчүн Түндүк-Түштүк жолунун 1-фазасын курууда кошумча 55,520,000.0 доллар керек болот.
Бул маселе боюнча Транспорт жана жол министрлигине жана Финансы министрлигине биргеликте кошумча каражаттарды тартуу тапшырмасы берилди. Учурда донорлор менен сүйлөшүү иштери жүрүп жатат. Потенциалдуу донорлордун бири Кытайдын экспорт-импорт банкы.
«Тараз-Талас-Суусамыр» жолун оңдоо, Фаза III 75−105-чакырым (Чат-Базар айылынан Талас шаарына чейин).
Курулуш иштери 2017-жылдын август айына чейин бүтүүсү керек. Кемчиликтер үчүн кепилдик маалы 2018-жылдын август айы.
2016-жылдын ичинде Борбор Азиядагы Экономикалык Кызматташтык Биримдиги 3 (Бишкек-Ош жолу, Фаза-4), Бишкек-Кара-Балта жолун оңдоо үчүн подрядчиктерди тандоо боюнча тендер жүргүзүлдү. Бул жолдорду оңдоону Азия өнүктүрүү банкы каржылоодо. Учурда тендерден уткан компания менен келишимдик сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.
Ошондой эле Бишкек-Ош жолундагы «Маданият — Жалал-Абад» бөлүгүн оңдоо боюнча подрядчиктерди тандоо үчүн кеңеш берүүчүлөргө карата тендер өткөрүлгөн. Бул жолду оңдоону Евразиялык өнүктүрүү банкы каржылоодо. Учурда кеңешчилердин техникалык сунуштарына баа берилип, подрядчиктерди тандоо үчүн тендердик документтер даярдалууда.
“Ош, Жалал-Абад, Талас облустарында жолдор боюнча техникалык-эксплуатациялык камсыз кылуу боюнча” Кыргыз Республикасын 2013 –2017-жылдарга карата туруктуу өнүктүрүү стратегиясынын алкагында жүргүзүлгөн иштер боюнча маалымат.
Бул долбоорду ишке ашыруу 2004-жылдын 6-октябрындагы Кыргыз Республикасынын жана Япониянын өкмөтү ортосундагы техникалык кызматташуу тууралуу макулдашуунун алкагында жүрүүдө. 2011- 2012-жылдары министрлик тарабынан берилген арыздын негизинде 2014-жылдын 31-июлунда Кыргыз Республикасынын өкмөтү жана Япония эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан кол коюлган.
Бул долбоордун алкагында 355 жолдук-техникалык-эксплуатациялык техника жана жабдуулар алынып келинет, анын ичинде 4 асфальт-бетон заводу, таш майдалоочу жабдуулар бар. Алар Ош, Жалал-Абад, Талас облустарына коюлган.
Техниканы алып келүү 2015-жылы башталган. Долбоорду ишке ашыруу 2015-жылы аяктаган.
355 даана техника унаа жолдорду оңдоочу ишканаларга берилген.
«Бишкек-нарын-Торугарт жолун оңдоо» долбоору боюнча 2013-жылы 80 даана техника жана жабдуу алынып келинген.
Түрк насыясы боюнча маалымат (2013 жыл).