2016-жылы Борборазиялык аймактык экономикалык кызматташтыктын (БААЭК) Коридорун жакшыртуу боюнча долбоордун алкагында министрлик Бишкек-Ош унаа жолун оңдоо боюнча жарыяланган тендер боюнча подрядчиктерди тандоо менен алек болду.
Учурда компаниялар менен сүйлөшүү активдүү жүрүп жатат. Январь айынын акырында башкы подрядчик тандалып алынып, мартта иш башталат.
Учурда арыз берген кеңешчилердин техникалык сунуштары бааланып жатат жана подрядчиктер үчүн документтер даярдалууда.
Куруу иштерин 2017-жылдын август айына бүтүрүү пландалууда.Көйгөйлүү болуп келген Чат-Базар жолу асфальтталды. Оңдоо жана куруу боюнча бардык ишти 2018-жылдын август айына бүтүрүү пландалууда.
Өкмөттүн 2016-жылга болгон планына ылайык, “Ишеним жана биримдүүлүк” программасынын алкагында транспорт министрлиги 27 долбоорду ишке ашыруусу керек, алардын 21и жол тармагына кирсе, экөө транспорт тармагына, төртөө авиацияга багытталган.
Бул этапта Кыргызстан боюнча130 чакырым жолду оңдоо планында 142,5 чакырым жол оңдолгон, бул пландын 109,6 %ын түзөт.
Унаа жолдору оңдолуп, чуңкурларды жамоо боюнча 190 чакырым жолду оңдоо пландалса, учурда 185,5 чакырым жолдо иштер бүтүрүлгөн.
Кара шагыл төшөө боюнча план 66,6%га аткарылган, бул 20 чакырым жолду түзөт.
Шагыл төшөө боюнча иштер 81%га бүтүп, пландалган 120 чакырымдын 97,2 чакырымында иш бүткөн.
4 көпүрөнүн ордуна 6 көпүрө курулуп, план ашыгы менен аткарылган.
Жалпы жол куруу, оңдоо иштери боюнча 658 чакырым жолдо иш аткарылган.
Кыргызстандагы стратегиялык жолдор оңдолгондон кийин стандартка жооп берип, бир аз убакыттан соң кайра оңдоо зарыл болбойт деп ишенебиз.
Бишкек-Ош жолу 2000-жылдардын башында түркиялык жолчулар тарабынан курулган жана алар жолду 20 жыл колдонсо болорун белгилешкен. Тилекке каршы жол оор жүк ташуучу унаалардын агымына туруштук бере албай, 10 жылдан кийин жолдун чуңкурларын оңдоо иштери башталган.
Бул абдан кейиштүү бирок бир нече табигый кубулуштардан кийин чуңкурлар жаандан кийинки козу карындай эле көбөйүп баштайт.