АКШ президенти Дональд Трамп жана Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын алгачкы эки тараптуу саммитинин жыйынтыктоочу документине кол коюшту. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Смогут ли кыргызстанцы поехать в США?
Документке кол коюу аземинен кийин Трамп самиттин жыйынтыктарына канааттанганын билдирди. Ошондой эле ал АКШ менен Түндүк Кореянын кызматташуусу “башкача нукта” өнүгө турганын белгиледи.
Биргелешип кабыл алынган документти “маанилүү, ар тармактуу жана көлөмдүү” деп атап, ири жана кооптуу маселени чечүүгө шарт түзүлгөнүн айтты. Муну менен катар Трамп Кимди Ак үйгө чакырууга даяр экенин кошумчалады.
Түндүк Корея лидери Ким Чен Ын болсо өз кезегинде Трампка тарыхый жолугушуу үчүн ыраазычылыгын билдирип, тараптар “өтмүштү” артта калтырганын, эми дүйнө чоң өзгөрүүгө күбө болоорун айтты.