• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Трамп кимге каршы

President Donald Trump talks with reporters as he departs from the South Lawn of the White House via Marine One in Washington, Saturday, Dec. 16, 2017, to spend the weekend at Camp David in Maryland. (AP Photo/Susan Walsh)

👁 2,199

22-мартта Дональд Трамп Вашингтондун пикири боюнча Пекиндин соода практикасындагы таза эместерге каршы комплекстик чараларды көздөгөн меморандумга кол койду. Кол коюу аземи Ак үйдө өттү.

Иштин аныгында бул Кытайда дайыма түшүп турган 60 млрд доллардан ажыратуу болуп саналат. Башкача айтканда, тамырын тартып көрүү.

Эмне себептен мындай болду? Бул баарынан мурда учурдагы операциялардын эсебинин дефицитине байланыштуу, ага ылайык бул дефицит 2017-жылга болжолдон ашып кеткен.

Өлкөнүн Соода министрлигинин маалыматына ылайык АКШнын төлөө балансынын операцияларынын эсебинин дефицити 26% же $128,2 млрдга чейин жогорулаган. Маалыматтарга ылйык, III кварталда учурдагы операциялар эсебинин дефицити $100,6 млрд эмес $101,5 млрдды түзгөн. IV кварталда дефицит ИДПга карата 2,6% болсо, мурдагы кварталда ИДПга карата 2,1% болгон. Эң жогорку көрсөткүч (ИДП 6,3%) 2005-жылы болгон. 2017-жылы учурдагы операциялар эсебинин дефицити (2016-жылда $451,7 млрд) $466,2 млрдга чейин жогорулаган. Башкача айтканда, дефицит динамикасы өсүүдө.

Ооба, Американын карызы өлкөнүн экономикасынан бат өсүүдө, акыркы жарым жылда улуттук карыз дароо 1 трлн долларга көбөйгөн. Бул болсо анча жакшы кабар эмес.

Өткөн жумада АКШнын мамлекеттик карызы 21 трлн доллар экени белгилүү болду. Бул жөн гана көп орундуу сан эмес: өлкөнүн карызы анын экономикалык көрсөткүчүнөн алда канча көп болууда. Бирок бул да эң башкысы эмес. Карыз кандай тездик менен көбөйүп жатканы маанилүү. Мисалы, бейшембиден жумага чейин, бир сутка ичинде көрсөткүч 73 млрд долларга жогорулады. Сандар абстрактуу болбошу үчүн ал General Motors, Ford жана Southwest Airlines сыяктуу ири компаниялардын капитализациясынан дагы көп экенин айткыбыз келди. Февраль айында эле улуттук карыз 215 млрд долларга көбөйгөн. Ал эми акыркы жарым жылдыкта 1 трлн долларга жогорулаган. Ооба Донни I өзүн карыз падышасы атап алса болот.

Карыздар, карыздар, карыздар

Дүйнөлүк рыноктордогу балл туруктуу бойдон калууда, бирок АКШнын облигациялар рыногу коркунучтуу белгилерди жөнөтүүдө. Эксперттер АКШнын карызы тууралуу көп айтышууда жана биз дагы жазып келебиз. The Wall Street Journal басылмасы бул темага дагы бир жолу кайрылып, дүйнөлүк финансылар барометри жана экономикалык циклдар рецессия жана рыноктун төмөндөшү тууралуу кабар берип турганын жазып чыкты.

Ошондуктан алар башкалардын эсебинен абалдан чыгууну көздөшүүдө. Бирок убакыт кысып турат. Бул ойлорун ишке ашыра алышабы? Күмөнүбүз бар. Себеби Европа АКШнын IT-компаниялары үчүн жаңы салыктарды киргизүү алдында турат. Ал да жашашы керек, аны да түшүнсөк болот.

Жалпысынан Америка атагы чыккан Америка боюнча калабы же жокпу суроо жаратууда. Топ Кытай тарапта. Америка болсо күтүү режиминде.

Болгону ушул…

Кытайдын тышкы иштер министрлиги соода согушу аларды коркутпай турганын белгиледи. Министрликтин өкүлү Хуа Чуньин бул тууралуу шаршембиде АКШнын алюминийди жана болотту импорттоого киргизген ири салыгынан кийин айтып чыкты. Ал Кытай өз кызыкчылыгын коргоо үчүн чечкиндүү кадамдарга барарын кошумчалады. Ошондой эле Хуа Чуньин Кытай эч ким менен соода согушунун болушун каалабай турганын билдирип, бирок өлкө аргасыздан ушундай абалга туш болсо артка кайтпасын кошумчалады.

Фото: интернеттен алынды

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости