Кыргызда “Тапканың тойлорго буюрсун” деген сөз бар. Анын сыңары элибиздин бар тапканы тойлордон ашпай калды. Айрым бир эсептөөлөр боюнча бир жыл ичинде тойлорго кеткен чыгашаларды чогултуп эсептегенде өлкөбүздүн тышкы карызынан да ашып түшөт экен. Мындан улам демилгечи топ тойлордун жаңы форматын иштеп чыгып, анын сценарийине сынак жарыялоону көздөөдө.
Кыргызстанда буга чейин да тойлордогу ысырапкерчиликке бөгөт коюу боюнча маселе көтөрүлүп, Жогорку Кеңештин депутаттары бул боюнча мыйзам долбоорун жазып, коомчулуктун талкуусуна койгон эле. Бул демилге андан мурдагы ашкере ысырапкерчиликти чектөөгө арналган демилгелердин бир сыңары коомчулуктун колдоосуна ээ болгон эмес.
Деген менен өкмөттүк, парламенттик деңгээлде көтөрүлүп келе жаткан бул маселе Кыргызстандын айрым элет жерлеринде ошол айылдагы аксакалдарынын, дин өкүлдөрүнүн кийлигишүүсү менен айрыкча маркумду акыркы сапарга узатуу зыйнатындагы каадаларга чек коюлган.
Мурда кафе-ресторандарга эки баштын баш кошуу аземи гана өткөрүлүп келген болсо, эми жээнтек той, тушоо кесүү, сүннөт, үй той, кыз узатуу сыяктуу шаан-шөкөттөр үйдө өтпөй калды. Соңку убактарда аш-тойлордо ачыкка чыккан дагы бир жагдай – мамлекеттик атка минерлердин той-аштардан калбаганы болууда.
Кредитке келин алып…
Турмуштун чылбырын колдоруна жаңы эле кармаган Аскат менен Гүлзаттын баш кошконуна эки айга чукулдап калды. Алар дагы көпчүлүк сыңары төрт туяк мал cоюп, төрт жүздөй кишини тойканага чакырып элден бата алган. Бирок тойго кеткен чыгым аз убакыт мурда насыяга алынган эле. Эми алар ай сайын банкка төлөй турган карыздын акчасын табуу үчүн Россияда иштегени кетишкен.
“Мен үйлөнгөнгө чейин эле Москвада иштеп жүрчүмүн. Ал жакта жашап, жеп-ичкенимден артканын топтоп, үйгө (Кеминге – ред.) келип жашап жаткан үйүбүздү ремонттодук. Кыздын калыңы да көп каражат болду. Анан банктардын биринен карыз алып той өткөрдүк. Эми келинчегим экөөбүз иштеп, тойго кеткен карызды төлөшүбүз керек. Экөөлөп иштесек, батыраак кутулабыз”,-дейт маектешим Аскат.
Каарманыбыз Аскат сыяктуу эл көзүнө дүркүрөтө карызга алган акчаган той бергендер ондоп, жүздөп саналат. Ушунун баары керек беле? Же болбосо алар ресторанга элди чакырбаса, той өтпөй калмакпы?
Тойго чектөө кирсе, тамадалар таарынабы?
Тойлордогу негизги ролду ойногон, тойдун жакшы-жаман өтүшүнө тиешеси барлар булар – тамадалар. Аларсыз тойду элестетүү мүмкүн да эмес. Демилгечи топтун сунушун тамадалар кандай кабыл алууда?
Көп жылдан бери тамадалык кызматты аркалап келе жаткан Эрнис Кулназаровдун айтымында, тойлорго жаңыча түс берүү бул – кезектеги популисттик кадам.
“Өзү көп жылдан бери эле той сезону башталаар алдында ушул маселеге окшогон темалар көтөрүлө берет. Бирок ишке ашпайт. Мыйзам чыккан күндө да биринчи эле ошол мыйзамды депутат, чиновниктер бузат. Тойду колунда барлар, атка минерлер өткөрөт. Колунда жок же ортозаар адамдарга чектөө керек эмес. Жада калса алар той да өткөрө албай жатканын көрүп жатабыз. Ал эми тамада деген кесип жок. Тамада – бул өнөр. Негизи демократиялуу өлкөдө жеке үй-бүлөнүн жакшылыгына, тою сыяктуу жеке мамилелерине киришпей, мамлекеттик деңгээлде болуп жаткан той-аштарды кыскартса жакшы болмок”,-дейт Эрнис Кулназаров.
Тойго өзгөртүү киргизүү чектөө эмес
Окумуштуу, филология илимдеринин доктору, профессор Үмүт Култаеванын айтымында, биринчи кезекте тойдун убактысына чектөө киргизуү зарыл. Антпесе, адамдын бир күн ичиндеги убактысынын дээрлик 10 сааты тойго кетип, маселен, китеп окуу, театрга баруу сыяктуу интеллектуалдык мүмкүнчүлуктөрүнө зыян тийгизүүдө.
“Биринчиден, той боюнча жалпы пикирди эске алуу зарылдыгы турат. Тойдун жаңы эрежесин иштөөдө элибиздин каада-салтын мыкты билген интеллигент чөйрөсү активдүү катышат деген үмүттөмүн. Той ээси конокторду бешке чакырып алып, өзү кеч келет. Көп учурда тойлор эки саат кечигип башталат. Түн оокумда бешбармагы берилип, той түнкү бирге чейин созулат. Дагы бир маселе — тойдун түпкү, асыл максаты- бата берүү унутулду. Өткөрүлүп жаткан тойлордогу бардык нерселерди эске алып, тойлордун жаңы форматын иштеп чыгуу үчүн сценарийлерге сынак жарыялоо зарыл. Муну мыйзам менен эмес, жөн эле эреже десек туура болот”,-деди демилгечи топтун жетекчиси Үмүт Култаева.
Креатив сунуш
Социалдык тармактарда Камит Савай деген ат менен белгилүү блогер той өткөрүү боюнча жеке сунушун жарыялады. Анын бир чети юморлуу, ошол эле учурда зарылдай болуп турган сунуштарынын бири айыл-чарба министрлигинин ордуна, тойлор боюнча министрлик ачуу зарылдыгы. Бул жаңы министрлик тойлордун статистикасын чогултуп анализ кылып, конкурстарды уюштуруп, тойлордон өкмөткө салык чогултсун, тойго керектүү нерселерди камсыздоону колго алсын (транспорт, тамада, артисттер, тамак, союш мал ж.б.).
«Бизде эмнеге тойлор дээрлик бирдей эле сценарий менен өтөт, муну ким ойлоп тапты экен? 90 пайыз тост, 5 пайыз ыр-бий, 5 пайыз тамак-аш менен бата, дагы тамада коюп алабыз… Менимче эми биз жаңы технологияларды колдонбосок болбой калды. Мейли, баталар калсын. Бирок тосторду алдын-ала жазып, экранга чыгарып койбойлубу. Анан белектердин сүрөттөрүн да койсок болот. Конверт болсо, анда сумманы жазсак же эквивалентин… Эстеликке устукандардын кичинекей макеттерин жасап берип коёлу жазуусу менен. Кийин баланчанын тоюнда момундай устукан же баш алгам деп мактанганга да, эстегенге да жакшы, ошол тойдо кандай устукан алдым эле деп. Ошентип көп нерсе азаят, оюн- зоокко көп убакыт калат. Кара жорго бийлеп, этнодискотека, ыр кесе ж.б. оюндарды ойнойлу»,-деп жазат.
Кошуна өлкөлөрдө той берүү каадасы кандай?
Тажикстанда каада-салт, салтанат жана жөрөлгөнү тартипке салуу жөнүндөгү мыйзам 2007-жылы кабыл алынган. Анда тойго канча конок чакырылышы керек, кандай жана канча көлөмдөтамак берилиши керектигин шарттаган жободо көрсөтүлгөн.
Мыйзамга ылайык, үйлөнүу тойго чакырылгандардын саны 150 адамды түзүп, тойдун убакты үч сааттан ашпашы керек. Туулган күн, маараке сыяктуу жакшылыктар чакан үй-бүлөлүк топтуу катышуусунда гана белгиленет. Сүннөт тойго 60 гана киши чакырыла турган болсо, кызга сөйкө салуу, колуктунун кийимин көрүү, тойго кам көрүү үчүн чогулуу сыяктуу жөрөлгөлөргө таптакыр тыюу салынган.
Мындан эки жыл мурда бул мыйзам боюнча Тажикстандын Улуттук китепканасынын мурдагы башчысы Саифиддин Назарзода жоопко тартылган. Ал той-аш чыгымдарын чектеген мыйзамды бузду деген негизде соттолгон.
Натыйжада тажик бийлиги тойлорду көзөмөлдөгөн мыйзам аркылуу өлкө тургундары 18 млрд. самонини үнөмдөшкөнү маалым болду.
Ал эми кошуна Өзбекстанда мамлекет башчысы Шавкат Мирзиёев өлкөдөгү атка минерлердин үлпөт тойлорго баруусуна тыюу салган. Ага ылайык өзбек парламенти өкмөттүк кызматкерлердин тойлорго баруусуна тыюу салган токтомдун долбоорун даярдоодо. Мындан сырткары өзбек лидери тойго чакырылчу коноктордун санын жана жаш курагын чектөөнү да сунуштаган. Ага ылайык, эми той ээлери жаңы токтом боюнча үйлөнүү тойго эң көп дегенде 150 адамды, таңкы ашка 200 адамды гана чакыруусуна уруксат берилет.
Кыргызстанда жалпы 700дөй тойкана болсо, алардын 500дөн ашыгы Бишкекте жайгашкан. Айрым тойканалар борбор калаадагы эң чоң адам сыя турган улуттук филармония, драма театрынын да ашып түшүп, миң адам бата турган тойканалар пайда болду.
Назгүл Бостонбаева