• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Товарларды маркировкалоо улуттук маалыматтык системаны иштеп чыгууга $1 млн 268 миң доллар керек.

man-people-space-desk

👁 576

Мамлекеттик Бажы жана Салык кызматтары териден жасалган буюмдарды маркировкалоо долбоорун ишке ашырышат.

Экономика министринин орун басары Баккелди Түмөнбаевдин айтымында, ЕАЭБдин пилоттук долбоорунун алкагында териден жасалган буюмдарды маркировкалоо үчүн бир белги 1 доллар же 70 сом турат.

“2016-жылдын 23-ноябрында Москва шаарында кол коюлган, 2015-жылдын 8-сентябрындагы “Накта териден жасалган кийим предметтери, кийимге тиешелүүлөр жана башка буюмдар” товардык позициясы боюнча товарларды контролдук (идентификациялык) белгилер менен маркировкалоону киргизүү боюнча пилоттук долбоорду 2015–2016-жылдары ишке ашыруу жөнүндө макулдашуунун колдонулуу мөөнөтүн узартуу тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” Мыйзамдын долбоору экинчи окууда жактырылды.

Товарларды маркировкалоо боюнча улуттук маалыматтык системаны иштеп чыгууга жалпы 1 млн 268 миң доллар зарыл.

Өлкө бюджетинде мындай иштерге каражат бөлүү каралган эмес, ошондуктан бул нормативдик-укуктук актыларды иштеп чыгууга түрткү болгон.

Маркаларды даярдоо үчүн жакында тендер жарыяланат.

Баккелди Түмөнбаевдин айтымында, ушу тапта накта териден жасалган товарларды маркировкалоочу жабдуулар ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен Орусия менен Беларуста гана орнотулган, ал эми Кыргызстан, Армения, Казакстан эми гана орнотуу алдында турат.

“ЕАЭБдин алкагында бардык териден жасалган буюмдар атайын белгиленип, анын баасы 1 долларды түзөт. Марка болгон учурда буюмдун жасалышынан баштап, анын акыркы колдонуучуга чейин жеткен аймагын биле алабыз. Башкача айтканда, Кыргызстандан Беларусияга, Орусияга товар жөнөтүлсө ал качан өлкө аймагына киргенин, ким аны сатканын, ким кайра сатып жатканын билсе болот. Атайын саноочу жабдуулар бар” ‚-деди ал.

Тендерди уткан компания маркаларды даярдап, аларды сатуу менен алек болот. Экономика министрлигинин сунушу менен долбоорду 2018-жылга чейин узартуу пландалууда.

Айта кетсек, долбоор 2015–2016-жылдары эле ишке ашуусу керек болчу, бирок долбоор боюнча макулдашуу 2016-жылдын 12-августунда гана күчүнө кирип учурда накта териден жасалган товарларды маркировкалоочу жабдуулар ЕАЭБ курамына кирген өлкөлөрдүн ичинен Орусия менен Беларусияда гана орнотулган, ал эми Кыргызстан, Армения, Казакстан эми гана орнотуу алдында турат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости