Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинде туристтик коомчулуктун өкүлдөрү менен жолугушуу болду.
Анын жүрүшүндө чет жактан келген туристтерди виза менен камсыз кылуу маселеси каралды. Ошондой эле Кыргыз Республикасына кирүү үчүн виза берүү тартибине киргизилчү өзгөртүүлөр талкууланды.
Туристтик бизнестин өкүлдөрү Кыргыз Республикасында өлкөнүн туристтик тармагында жакшы шарттарды түзүү үчүн мыйзамдарды оптималдаштырууга багытталган иш-чаралар тууралуу маалымат алышты.
Жолугушуунун жүрүшүндө туроператорлор биргелешип иштөө жемиштүү болорун белгилешип, Кыргыз Республикасына келгендерге топтук виза берүүнү “чоң кадам” катары баалашты.