• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Тоодо балык өстүргөн Мээрбек

dsc_0157

👁 2,310

Акыркы жылдары Кыргызстанда балык чарбасы менен алектенген фермерлер көбөйүүдө. Анткени адам баласынын күнүмдүк жашоосу үчүн өтө керектүү болгон бул азыкка суроо-талап өтө жогору. Мисалы, бир жылда ар бир адам орточо 15 килограмм балык азыгын жеш керек болсо, биздин өлкөдө бул көрсөткүч 1 килограммга да жетпейт. Ошол эле учурда балык жана деңиз тамак-аштарын өтө көп колдонгон Японияда жылына ар бир жаран орточо 90 килограмм балык жейт. Ал эми балыкта фосфор көп болгондуктан, жаш балдардын акыл-эсинин калыптанышынан тартып, дене мүчөсүнүн өсүүсүнө чейин пайдасы чоң. Чоңдор үчүн деле балык өтө керектүү азык болуп саналат. Себеби анда холестерин болбогондуктан, ар кандай жүрөк илдеттеринин алдын алат жана сөөктөрдүн өсүшүнө жакшы шарт түзөт.

Тилекке каршы биздин өлкөбүздө балык табигый түрдө өсө турган ири көлдөр жана деңиздер болбогондуктан, жасалма көлдөр менен сууларда гана өстүрүү мүмкүнчүлүгү бар. Бул багытта Ысык-Көл областынын Чоң-Өрүктү айылындагы “Ала-Балык” фермердик чарбасын түзгөн Мээрбек Курманбек уулу көгүлтүр Көлдүн тоо тарабындагы таштак жерди балык чарбасына айлантуу менен бирге, башкаларга да үлгү болууда.

Ал мурда өзү чарбанын каржы кызматкери болуп иштеген. Бирок мындан беш жыл мурда өз алдынча ишкердик менен алектенүүнү чечип, айылдын тоо этегиндеги бош жаткан таштуу боз адырга балык өстүрүүнү ойлогон. Себеби эң негизгиси Мээрбектин идеясын ишке ашырууга шаркыраган тоо суусу жана ылдыйыш жер болгондуктан, шарт бар эле. Бирок ар кандай эле план-долбоор акчасыз ишке ашпай тургандыгы бештен белгилүү. Бул жагынан райондун акими керектүү документтерди даярдоого көмөк көрсөтүп, ишине тоскоолдук жаратпай тургандыгын убада кылган менен акча маселесинен жардам бере албастыгын ачык эле айткан.

Өзү каржы кызматкери болгондуктан, эгер банктардан кредит алса, анда үстөк пайызы эле бир топ болорун ойлоп, башкача жол менен акча табууну чечти. Ошондуктан Мээрбек туугандар менен тааныштардан карызга акча алып, машинасы менен үйүн да сатууга мажбур болгон.

- Мен беш жылдын ичинде жалпысынан балык чарбага 650 миң АКШ долларын жумшадым. Албетте, бул жеке адамга чоң акча. Бүгүнкү күндө эч ким эле мындай тобокелчилик ишке карызга акчаны оңой менен бере койбостугу түшүнүктүү. Ошондуктан үйүм менен машинамды да сатууга туура келди. Себеби мен баштаган ишимдин үзүрүн көрөрүмө көзүм жеткен. Анткен менен мени колдогондор табылды. Азыр жылына 450 тонна форел өстүрөбүз. Аны Ысык-Көлдөгү пансионаттардан тышкары Бишкекте да сатабыз. Биздин балыктын башка форелден айырмасы, таза тоо суусунда өстүрүлгөндүктөн, даамдуу жана каллориясы жогору. Ооба, азыр Кыргызстанда балык чарбасы өтө тездик менен өнүгүүдө. Себеби бизде балык азыгы негизинен сырттан ташылып келгендиктен, өзүнүн баасынан да транспорт чыгымы жогору. Мисалы, Россия, Европа өлкөлөрүнөн жеткиргенче ар кандай чегара жана башка бюрократиялык тоскоолдуктардан улам бир айга жакын убакыт кетет. Тилекке каршы өзгөчө жай мезгилинде балык тез бузулат. Адистердин эсептөөсү боюнча, Кыргызстан жыл сайын 20 млн. долларга балык импорттойт экен. Бул өлкөбүздүн экономикасына да олуттуу зыян алып келүүдө. Ошол эле учурда өзүбүздө сапаттуу жана арзан балык өстүрүүгө шарт бар. Ага болгону акча жана чымырканган эмгек керек.

Ал эми тоо суусунда өстүрүлгөн балыктын сазда өстүрүлгөнгө караганда каллориясы жогору жана даамдуу болгондуктан, суроо-талап жогору.

Мен азыр үй-бүлөм менен кышын-жазын ушул жерде түнөп, жашайбыз. Анткени Көлгө эс алууга келген туристтер даамдуу балык жеп, тоонун абасында эс алууну да каалагандыктан, аларга атайын жыгачтан жасалган беседкаларды куруп койгонбуз. Бизге туристтик сезон учурунда чет элдиктер жана конок тоскондор көп келишет. Келинчегим менен балдарым буюртма бергендерге отко кактап бышырылган форелди заматта даярдап беришет.

Балким, сырттан караган адамга же балыкчылык чарбасын билбегендерге көлмөнү эле тосуп коюп, анда балыкты өстүрө берген оңой жумуштай туюлушу мүмкүн. Ал эми иш жүзүндө форелдин уруктарын Мен аралынан алып келем. Ал жакта келишим менен иштешкен өнөктөштөрүм бар. Мындан тышкары жемди да океандын ары жагынан алам. Эгер чөнөкбаштарды жана балыктын жемин өзүбүздө өстүрүү колго алынса, түйшүгүбүз бир топ жеңилдеп, балыктын баасы да арзандайт эле. Себеби ага деле бизде баардык шарттар бар. Баарынан да балыктарды жашына карап ар бир көлмөгө бөлүү, ооруп калбаш үчүн керектүү шартты түзүү да оңой жумуш эмес.

Мындан тышкары тереңдиги бир жарым метр, ар биринин аянты 200–300 квадрат метрден кем эмес көлмөлөрдүн ар бирин бетондоп, таш тизип, андан соң суу өйдө жагынан кирип, ылдыйдан агып чыга турган өзүнчө эле системаны куруу үчүн көп кол эмгеги жана акча каражаты талап кылынды. Адатта тегиз, ташы жок жерди казуу итапкан оор жумуш экендигин башкаларды билбеймин, мен жеке өзүм жон терим менен сезем.

Эмилбек Момунов,

Бишкек-Ысык-Көл.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости