Бүгүнкү күндө дыйкандардын колундагы тракторлордун 90%га жакыны мөөнөтү 10 жылдан ашкан тракторлор. Биздин мамлекеттин Евразиялык Экономикалык Биримдикке мүчө болгонуна быйыл 2 жыл толот.
Бул аралыкта өлкөнүн чарбасына өз салымын кошуунун аракетин көргөн ишкерлер дагы жок эмес. Алардын бири “Дыйкан” ЖЧКнын алдында “Топоз” аталышында тракторлорду өндүргөн ишкер Улар Омор. Экономика гезити — италиялык тетиктерди чогултуп трактор кураштырган Топоздун күнгөй-тескейин баяндап көрдү.
- Алгач трактор кураштыруу идеясы сизге кайдан келди?
–Негизинен 2010-жылдан баштап бул идея пайда болгон. Анда биз чоң тракторлор Кыргызстанга көп деле кереги тийбесе керек деп эсептеп, чакан тракторлорду чыгара баштаганбыз. Бирок 2008–09жылдагы статистикалык маалыматтарга карасак 18 миңден ашык трактор 10 жылдан ашып кеткендер болсо, 4500 трактор “монстр” (2 башка үлгүдөгү трактордон куралгандар) тракторлор экен.
Айыл жергесинде чоңоюп калгандыктан ал жакта тракторго болгон таңсыздык күч. Андан тышкаары билим бар. Буга чейин Кыргызстанда мындай транспорт каражаты чыкпагандыктан биз биринчилерден болуп трактор чыгарууга кириштик.
–Тетиктерди өзүбүздөн чыгаруу канчалык деңгээлде мүмкүн?
–Эң негизги максатбыз ошол. Азыр биз жасаганды үйрөнүшүбүз керек. Дүйнөлүк тажыйырба озү ушундай, алгачкы америкалык “Форд” трактору чыккандан кийин бардыгы алардан үйрөнүп трактор чыгара башташкан. Азыркы кезде бир бир топ атамекендик жана эларалык компаниялар менен суйлөшүүлөрдү жүргүзүп койдук жана дагы ал процесстер уланууда.
Анан “Кыргызстанда эч качан шереңке чыгарган завод болгон эмес, силер эмнени баштап жатасыңар?” деп, терс таасир берген адамдар бар. Кечирип койгула бирок Москва деле бир күндө курулган эмес да. Алардын бетине карап эле күлүп коем.
–Өлкө дыйкандарын айыл чарба техникасы менен камсыздоодо сиздердин иш-кана 2016-жылы канча трактор өндүргөн?
–Элүүдөн ашык өндүрдүк. Бул жерден биз дыйкандардын суроо-талабына жараша өндүрөбүз. Азыркы тапта биздин тракторлор Кыргызстандын бардык аймактарында бар. Кардарларда чоң таңдоо болушу керек ал бизге жакшы гана өбөлгө түзүшү керек.
Биздин тракторго 5 жылдык кепилдик бар эгер бузулуп калса биз бул жактабыз ал эми кыйтай трактору бузулуп калса сиз Кытайга барууңузга туура келет. Биздин трактор майды азыраак үнөмдөйт. Ысык-Кол облусу биздин өндүрүштү эң көп керектейт бирок башка аймактардан да сатып алган дыйкандар бар.
Бул жылы ал 120 аттын күчүнө ээ Топоз-1204 тракторун сатып алган. Дыйкан бул тракторду сатып алгандан кийин техникалык жактан кандай кыйынчылыктарга туш болгонун билүү үчүн өзү менен байланышканыбызда ал булар туурасында атып берди.
Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев саясатка бизнес чөйрөсүнөн келгени белгилүү. Жакында эле ал Индияга болгон иш-сапарында “Кыргызстанды бизнестин бейишине айлантуу” анын негизги урааны болгонун айтканы маалым. Улар мырза, тракторду түптөп, жаңыдан бутуна туруп иштетип жатканда мамлекет тараптан кандай колдоолор болуп жатканына кызыкдар болгондо төмөндогүдөй жооп ала алдык.
–Кыйынчылыктар мамлекет тараптан болууда. Тамашалап айтканда, жардам бербесеңер дагы тоскоолдук кылбагылачы деп айткың келет. Дегенимдин бир мисалы 12-февралдан баштап транспорттук каражаттын сертифтикатын Алма Ата шаарынан барып өтүшүбүз керек экен. Ал эми алматалыктар сертификатты сага бекер бербейт.
–Бул Кыргызстандын ЕАЭСке мүчө болгондон кийинки үн бири болсо керек..?
–Ооба, анын бизге кереги деле жок болчу да.
–Абал оор болуп жатса өкмөттөн кандай жеңилдиктер болуусун суранат элеңиз?
–Биз кээде сыйлыктарды алып сыналгыдан чыккан күндүн эртеси эле салык кызматкерлери жетип, тинтип келишет.
Мамлекет тараптан кандай колдоо керек болуп жатат деген бирөөсү жок. Ашкере салыкчылык бизде азайтса жакшы болмок. Мисалы: Кошумча нарк салыгы (НДС)
Бул салыктын түрү башынан карасак 1994–96 жылдары кризисттик кырдаалда кайра иштетүү болуп кетпеш үчүн коюлган салык. Аны кайра карап чыксак анткени ошол жылдары бизде “Песак” деген программа болуп, кыргыз өндүрүшүнүн потенциалын түшүрүү саясаты болгон.
Бизде аскердин, заводдун кереги жок экологиялык мамлекет болобуз деп бир кездерде чыкканбыз. Анын аягы бизди азыркы абалга алып келебиз. Биз өзүбүз бул салыктын түрүнөн бошотулганбыз анткени айыл-чарба техникаларын чыгарабыз.
–Топоз тракторун чыгарган завод деп коёлук мен ал жерде болдум, ал өндүрүштү мен ар дайым колдойм.
Эгерде дыйкандардн кимиси Топоздон трактор алган болсо аларга мамлекет тараптан пайызы жок, лизингке техника бериш керек. Ошондо биздин дыйкандар техника менен камсыз болот жана өндүрүшүбүз дагы өсөт.
Жерден чыккан азыктан жана колдон чыгарылган товардан экономика өсөт. Мына ушул 2 сегмент бар. Биздин өзүбүздүн “Айыл чарба өндүрүшчүлөрүнө акчалай жардам берүү” аттуу программабыз бар. Анткени биз бүгүн аз пайыз менен насыя берүүдөбүз бирок бул аздык кылат.
Пайызы жок насыяларды берүүбүз керек. Бирок андай насыяны жеке адамдарга эмес, мисалы 100 гектары ар кооперацияларга жана өндүрүштөргө беришибиз керек. Бизде эмне жок? Бизде көлөм жок. Бизде көлөм болсо сапат өсөт.
–Эгерде сиз Кыргызстанда президент болуп калсаңыз Топозко мамлекеттик деңгээлде сатып алуу жасоого даярсыздарбы?
Өкмөт өзгөчө таянбаган ишканада бүгүнкү күндө 20 куруучу эмгектенүүдө. Алардын бири Адилет Абакиров ишкана негизделгенден бери иштеп келет.
Токарь – бул түрдүү темирлерди бир тетикке айланткан адис. Андай адистер биздин ишкана таңсыздык менен жетишпей келет дейт Улар Омор.
Базар экономикасына багыт алган мамлекетибиз 2015-жылга чейин дүйнө жүзүнө жүздөп, миңдеп өздөштүргөн товарларын арзан баа менен экспорттоого жөндөмддүү болуп, Борбор Азияда маанилүү транзит болгон. ЕАЭБке мүчө болгондон кийин ал мүмкүнчүлүк татаалдашып, абал өзгөргөн.
Бирок ишкерлер үчүн 200 миллиондук калкы бар жаңы экономикалык аймактын эшиги ачылды. Эгер сиз ишкердикке бел байласаңыз, жогорудагы каарманыбызга окшоп аракеттенсеңиз натыйжасы ойдогудай болооруна ишеним чоң. Өз кезегинде кыргыз бийлиги жаштардын күчтүү адис болуусуна кызыкдар болуп, чечкиндүү кадамдарга баруусу абзел.
Азамат Каработоев