Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы 2 кытай компаниясы келтирген 1 миллион 755 532 сом чыгымды мамлекеттик бюджетке төлөп берүүсүн 8-январда камсыз кылды.
Эске сала кетсек, буга чейин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн алдындагы Экономикалык кылмыштар менен күрөшүү кызматы «C.L.C.Ltd, X.B.» жана «J.T.E.C.» кытай компанияларына карата кылмыш ишин козгогон. Аталган компаниялар Токтогул ГЭСине багытталган көмөк чордондорду ташууда расмий документтерди жасаган деп айыпталып, аталган факт боюнча кылмыш иши козголгон.
Тергөөнүн жүрүшүндө «C.L.C.Ltd, X.B.» жана «J.T.E.C.» кытай компаниялары башкаруучулук ыйгарым укуктары менен пайдаланып документтерге көмөк чордондордун салмагын азайтып жазышканы белгилүү болгон.
Финполиция дал ушундай фактыларды аныктоо боюнча Кыргызстандын баардык аймактарында иш-чараларды жүргүзүүдө.