• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Токойдун алыс жагындагы партизандар семиз же айыл-чарба министрлиги деген эмне?

sssr-qrs_9534

👁 1,409

Айыл-чарба министрлиги айыл-чарба тармагындагы насыялар керек болгон сумманын 12–15%ын түзөрүн билдирди.

Кыргызстанда агрардык сектору кантип өзүнөн-өзү күтүлбөстөн өнүгүп жатат.

Бул Кыргызстандын стратегиялык изилдөө улуттук институтунун изилдөөсүнүн натыйжасында дагы белгилүү болду.

Бул изилдөө өткөн жылдын ноябрь айында жүргүзүлгөн.

Айыл-чарба сектроунда 28 адам сурамжылоодон өткөн. Алардын пикиринде, абал кыйындай баштады жана жакынкы 3 айда мындан да жаман болот.

Сурамжылоонун жүрүшүндө респонденттер белгилеген негизги көйгөйлөр:

1) Айыл-чарба мамлекет тарабынан болгону 10%га каржыланат, буга байланыштуу каржылоонун кошумча булактарын издөөгө туура келет.

2) Айыл-чарба министрлиги жана башка тиешелүү мамлекеттик органдар ишкерлерге колдоо көрсөтүшпөйт.

3) Ишкерлердин ишмердүүлүгү Бажы Биримдигине киргенден тарта бир топ начарлап кетти.

ЭКОНОМИКА бул фактыга көз жумуп кое алган жок жана биздин министрликте эмне болуп жатканы, ишкерлер менен болгон иш эмнеге оор болуп жатканы тууралуу талкуулоону туура көрдү.

Эгемендүүлүктү алган убактан бери Айыл-чарба министрлиги дыйкандардын жемишин сатып алуу боюнча пландуу иш алып барганды үйрөнгөн жок.

Жалпылап айтканда, дыйкандар жазында бетке чыга калган безеткидей эле бир бул жактан бир тигил жактан мүмкүнчүлүк таап өздөрүнчө өнүгүп жатышат

ЭКОНОМИКА министрликте эмне менен алек болуп жатышканы тууралуу жана министрликтин сайты боюнча жашыруун иликтөө жүргүздү.

Көрсө дыйкандар керектүү справкаларады алуудан тарта, маалыматтык колдоого чейинки бардык кызматтарды колдонсо болот экен. Албетте, абдан жакшы, бирок дыйкандар компьютердин алдында отурбастан талаада иштешет да. Балким бул маселени чечүүдө министрлик конструктивдүү чечим кабыл алуусу керек? Керектүү маалыматтар кандайдыр бир жол менен дыйкандарга жетүүсү керек да.

Негизи сайтка айта турган сындар деле жок, жада калса министрдин 2016-жылдын 20-мартына болгон планы да бар экен. Эмне? Жакшы да!

Балким бул душмандар бир жыл бою эмне кыларын билип албашы үчүн жашыруун пландыр. Балким ыңгайсыз суроолорду берип жүдөтүшөт?

Албетте, бул министрлик иштебей жатканынан кабар бербейт, бирок маалыматты жок дегенде кээде жаңылап туруу керек.

Мисалы бош жумуш орундар бөлүмүндө эч нерсе түшүнүксүз. 2012-жылдан тарта Айыл-чарба министрлигине кызматкер керек болбоптур. Бул эмнени билдирет? Бул бүгүнкү күнү министрликте адистер жетиштүү дегендик да. Демек, мындай кесипкөй адистер менен тармак дагы өнүгүшү керек го.

Ыкчам маалыматтар бөлүмүндө 2015-жылдагы ыкчам маалыматтар жазылган экен. Эмнеге артта калып жатканыбызды эми билдик биз. Көрсө Айыл-чарба министрлигинде чагылгандай бат иштөө жетишпей жаткан турбайбы.

Отчет берүү боюнча айта турган болсок, министрлик акыркы отчетун 2015-жылдын күзүндө берген экен. Ал эми коомчулук учурда жана өткөн жылдары кандай өзгөрүүлөр болгонун кантип билип, кантип салыштыруу жүргүзөт?

Министрликте коррупция менен күрөшүү активдүү жүрүп жатыптыр. Ишеним телефону жазылыптыр жана атайын программаны көчүрүү менен гана ачууга боло турган 2017-жылда коррупция менен күрөшүү боюнча план жазылыптыр. Бул дыйкандар мезгилден артта калбай жаңы компьютердик программаларды өздөштүрүүсү үчүн атайын жасалган окшойт. А балким бул коррупционерлер бир нерсени билип албоосу үчүн атайын коюлган программа болуп жүрбөсүн? Эң башкысы план бар, аны ачуу гана маселе жаратат.

Башкаларга окшоп эле коомдук кеңеш бар. Бирок эң кызыгы бөлүм бар болгону менен аны бассаң эч нерсе чыкпайт экен. Балким коррупция менен күрөшүү үчүн коомдук кеңеш партизандыкка кеткен чыгар?

Биз күлгөн жерибиз жок. Өлкөбүз Бажы Биримдигиндеги атаандаштыкта артта калып жатканда кайдагы күлкү. Бирок элдин төлөп жаткан салыгынан айлык алып иштеп жаткан министрликтин кызматкерлери эффективдүү иштебей жатканы жөн гана иштеп жаткан адам сымал түр көрсөтүү болуп саналат.

Бул көрүнүштү өзгөртүү керек, жумушка болгон мамилени оңдоо зарыл, азыр болсо…

Жакында себүү иштери башталат, дыйкандар жаңы мезгилге даярданып жаткан кези. Биз болсо министрлик сыяктуу сайт жакшы иштеп кетүүсүн каалайт элек.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости