Токио шаарында 18–25-ноябрь күндөрү кыргыз маданиятынын жумалыгы өтүүдө. Анын алкагында «КЫРГЫЗ КӨЧМӨН ДҮЙНӨСҮ» деп аталган концерт уюштурулду. Жумалык Кыргызстан менен Япониянын дипломатиялык мамилелеринин түзүлгөнүнүн 25 жылдыгына карата өтүүдө.
Кыргыз Республикасынын Япониядагы элчиси Ч.Айдарбеков өз сөзүндө япониялык көрүүчүлөргө кыргыз элинин маданияты, салты тууралуу айтып берди. «Ордо-Сахна» тобу болсо комузда, кыл кыякта, чоордо, сыбызгыда, кернейде, темир комузда, жыгач ооз комузда жана добулбаста ойноп көрүүчүлөрдү таң калтырды. Делегацияны «Белое кочевье на Шелковом Пути» долбоорунун негиздөөчүсү Гульжан Иреш жетектеп барды.
Иш-чарада «Ордо-Сахна» этно-фольлордук топтон сырткары этно-ырчы Гүлзада Рыскулова, манасчы Камил Мамадалиев өз өнөрлөрүн тартуулашты. Ошондой эле кыргыздын улуттук кийимдеринен турган көргөзмөсү жана Эркинбек Болжуровдун фото көргөзмөсү болду.
Токиодо өнөрлөрүн тартуулаган артисттер дайыма башка өлкөдө өтө белгилүү, алар АКШда, Францияда, Түштүк Кореяда, Түркияда, Германияда, Швейцарияда, Орусияда, Казакстанда өткөн музыкалык фестивалдарга катышып келишет.
Кыргыз маданиятынын жумалыгынын алкагында университеттерде жана мектептерде Минато ситинин мэриясынын, Kissport фондунун, Минато эл аралык ассоциациясынын, Мин-он концерттик ассоциациясынын, Кристенсен фондунун колдоосу менен маалымат берүүчү лекциялар болмокчу.