• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясы боюнча изилдөө иштери аягына чыга элек

👁 490

Ушул жылдын 15-майында Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу боюнча комитетинин отурумунда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2018 жылдын 12 апрелиндеги П №192-VI протоколдук тапшырмасы боюнча өкмөттүн маалыматы угулду. Ага ылайык, 11-март күнү Тогуз-Тородогу башаламандыктын (Жалал-Абаддын Тогуз-Торо районунда «Жи Эл Макмал девелопинг» компаниясынын курулушу бүтө элек имаратынын өрттөлүшү) кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан иш аракеттер маалымдалды.

КР Өкмөтүнүн алдындагы Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Азиз Сапаралиевдин маалыматында бул окуя боюнча атайын комиссия түзүлүп, иликтөө иштери жүргүзүлүп жатат. Комиссиянын максаты жергиликтүү эл тарабынан коюлган талаптарды иликтөө болууда. КР Ички Иштер министрлигинин берген маалыматтары боюнча окуяга катыштыгы бар делинген жарандар учурда убактылуу кормоочу жайда кармалып, сурак беришүүдө.

Жыйын жүрүшүндө депутат Айтмамат Назаров аталган окуя боюнча Кытай Эл Республикасынын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушуп талкуулаганын, Кытай тарап күнөөлүүлөрдү аныктап, кеткен чыгымдарды ишкерлерге кайтарып берсе деген оюн билдиргенин айтты. Бирок бүгүнкү күндө келтирилген чыгым толук аныкталып бүтө элек. КР вице-премьер-министри Кубатбек Боронов чыгымдар толугу менен аныкталган соң өкмөт тийиштүү чечимге келерин белгиледи.
Отурум жүрүшүндө жабыр тарткан инвесторлордун өкүлү «Макмал-деволопинг» компаниясынын директору Максат Жээналиев билдирүү жасап, күч органдары инвесторлорго карата дагы иш козгогонун белгиледи. Ошондой эле тергөө толук кандуу жүргүзүлбөй жатканын айтты. Комитет мүчөлөрү бир катар суроолорго жооп алып, тийиштүү мекемелерге жүргүзүлүп жаткан процесстерди ачык-айкын кароону тапшырды.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости