• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

“Тобокелчиликке баруу керек, бирок аны башкара билүү зарыл”,- Максат Төрөбеков.

img-20170219-wa0010

👁 1,097

Кыргызстанда жеке бизнес ачуу үчүн жакшы шарттар түзүлгөн. Жыл сайын берилүүчү, ишкердикти өнүктүрүүгө багытталган “Аракет 2016” деп аталган сыйлык тапшыруу аземинде “Мыкты стартап” номинациясы боюнча Oimo Foods жеңүүү болду.

Максат Төрөбеков өнүмдү чыгаруучулардын бири. Ал 28 жашына чейин тедекоммуникация тармагында иштеген. Андан бир жолу куурулган буурчак сатып келүүнү суранышкан, бирок алар базарда гана, таңгаксыз сатылары белгилүү болгон.

Ошондой Максатта идея пайда болуп, буурчак менен бизнес баштаса эмнеге болбосун деген ой жаралган.

Буурчактын бул түрүн жактыргандар көп эле болчу эле деп ойлогон Максат өзүн башка тармакта сынап көрүүнү чечкен. Досторунун колдоосунун жардамы менен ал ишкердикти баштаган. Аны түзүү учурунда бир топ өзгөртүлөр болгон.

img-20170219-wa0005

Ошондой эле Oimo Foods буурчак менен кургатылган жемиштердин аралашмасы боюнча долбоорун ишке киргизген. Кыргызстанда мындай өнүмдүн болбогону чоң жетишкендик болгон. Ар бир аралашманын курамы адамдын жашоосуна жакшы таасир берет.

Спортту жактыргандар үчүн Энергомикс иштелип чыккан, анын курамында буурчак, мейиз, бадам, кургатылган өрүк, ашкабак данеги, башкача айтканда белоктор, углеводдор бар. Фитомикс – мейиз, бадам, ашкабак данеги жана кургатылган өрүктөн турат.

Ал организмди, ашказан-ичегилерди тазалап турат. Учурда дүкөндөрдөн Oimo Foodsдун экологиялык жактан таза болгон ар кандай түрүн тапса болот. Ар бир кардар өзү каалаган аралашманы таба алат.

“Албетте, башында оор болгон, базарды анализдеп чыгуу керек болгон. Өзгөчө биз таңгактын дизайны менен көп иштедик. Ал оригиналдуу болуусу керек болчу. Таңгактагы атайын “терезе” анын ичиндеги ашты көрүп, сапатын баалоого мүмкүнчүлүк берет.

Бул ишенимди арттырат. Баса, биз атайын экотаңгактарды колдонобуз. Айлана-чөйрөнү коргоо үчүн атайын кагаз таңгактар. Ошондой эле чийки затты биз Кыргызстандан алабыз. Өнүмдү цехте чыгарабыз, ал Баткенде орун алган. Өнүмдү тазалоого абдан жакшы көңүл бурабыз. Мисалы мейизди алалы. Ал даярдалганга чейин бир нече этаптан өтөт:

Биринчи – бул бракераж, башкача айтканда ар бир мейизди карап чыгабыз.

Экинчи этап – жуу, андан кийин аны ысык сууда ( 98 – 100 градус) 15–20 секунд чылайбыз. Андан кийин кургатылып, андан соң атайын камерада кайрадан кургакталат, ал жакта кургак, ысык аба уруп турат.

Ошентип биз өтө таза азык алабыз. Ал жакта курттар, личинкалар жок. Биз пайдалануу мөөнөтүнө кепилдик бере алабыз – таңгакталган өнүмдү жарым жыл сактаса болот, анткени ал жакта консерванттар жок”,- деди Максат Төрөбеков.

Кыргызстандын базарына чыкканына жарым жыл болгонуна карабастан Oimo Foods бир топ ийгиликтерге жетишти. Алар өлкөдөгү “Боорсок”, “Глобус”, “Арзан” , “7 дней” сыяктуу чоң гипермаркеттерге жеткирилет. Ошондой эле кофе саткан жерлерге, спорт залдарга да сатылат. Алар Орусиянын жана Казакстандын базарына чыгууну пландап жатышат.

“Бизнес кылуу үчүн өлкөдө жакшы шарттар бар. Албетте, айрым жаман көрүнүштөр жок эмес, бирок аз. Жаңы долбоор баштоодо баарын жакшылап ойлонуштуруу керек. Тобокелчиликке баруу керек, бирок аны башкара билүү зарыл. Анын үстүнө баары ишкерден, бизнести жургүзүү моделинен көз каранды.

img-20170219-wa0000

Биз ЕАЭБге киргенден кийин иштеп баштадык. Биз ага чейинки жана кийинки айырманы деле сезген жокпуз. Менимче, ар бир ишкердин ЕАЭБ стандарттарына туура келген сертификаты болсо жана өнүмү сапаттуу болсо өнүмдү башка өлкөлөргө чыгара алабыз деп ойлойм. Москвага тесттик режимде өнүмдү жеткирип көрдүк, азыр Казакстан менен байланыш түзүп жатабыз. Индияны да колго алуу планда”,- деп белгиледи Максат.

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости