Иш-чара жергиликтүү кол өнөрчүлөрдүн катышуусунда өткөрүлүп алар тигилген чатырчалардын ичине өз буюмдарын коюшту, ошондой эле манасчылар, ырчылар, бийчилер, жаачылар, тайганчылар катышышты. Коноктор көчмөндөр өздөрүнө тамак табуу үчүн мылтык менен эмес, жаа менен, иттер жана бүркүттөр менен жан бакканын көрсөткөн “салбурун” экологиялык аңчылыгына күбө боло алышты. Мындан сырткары фестивалдын программасында тыйын эңмей, кыз куумай, көк бөрү сыяктуу ат оюндары дагы киргизилген. Кийизден буюм жасоо боюнча мастер-класстар көрсөтүлдү.
Уюштуруучулардын бири Алмаз Акуновдун айтымында,Ысык-Көлдүн түштү жээгиндеги маданий программа жана спорттук оюндар кеспикөй этноспорттук командалар тарабынан жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун лауреаттары тарабынан көрсөтүлдү.
“Мага фестиваль аябай жакты, анткени көчмөндөрдүн жашоосундагы кызыктуу учурларды биле алдык. Этно-шоулар дагы абдан жакшы уюштурулуптур. Башка туристтер дагы дал ушундай пикирде деп ишенем”,-деди Германиядан келген турист Клаудиа.
Туристтердин дал ушундай жакшы сөздөрү Кыргызстандын туристтик потенциалын жогорулатууда маанилүү роль ойнойт.
Мисалы, Кызыл-Суу айылында кылымдардан бери боз үй жасап келишет. Бир үйдө боз үйдүн түндүгүн жакшы жасаса, башкасында кийизин, дагы башкасында кереге ууктарын. Ал эми Бөкөнбаев айылында болсо жерди иштетүү мүмкүн болбогондуктан жаа жана анын огун, ээрди жакшы жасашкан. Бул ата-бабалардан келе жаткан өнөр. Дал ушул жерлерде “салбурун” салты сакталып калган жана көптөгөн жылдар бою жергиликтүү тургундар бүркүт, шумкар, тайган багып келишет. Жергиликтүү тургундар Ак-Суу районунда Орусия Падышачылыгынан бери сакталып келе жаткан тегирмени менен сыймыктанышат. Айылдыктар туристтерди тартуу үчүн бул тегирмен кантип иштерин көрсөтүп келишет. Туристтердин көзүнчө буудайды тартышып, андан нан жабышат.
Салтанаттуу иш-чарада Тоң районунда Ысык-Көлдүн жээгиндеги аймакты тосуп алышып, боз үй тигишип, селкинчек, отургучтарды орнотушкан. Ошондой эле “театралдык арена” дагы коюлган. Боорсок, беш бармак, аш жасоо үчүн орундарды даярдашып, сувенирлерди сатуу үчүн чатырчаларды тигишкен. Ар бир кирген кишиден 500 сомдон алынып жатты. Ал жакка баргандар арзан баада сувенирлерди сатып алышып, улуттук суусундуктардын даамын татып жатышты. Ал эми туристтер болсо акындардын айтышына күбө болушуп селкинчек тебишип, кыргыз музыкаларын угушуп жакшы маанайда кайтышты.
Фольклордук музыка тил билбегендердин башын бириктирип, баардык улуттар, баардык мамлекеттин өкүлдөрү, ар кайсы динди тутунган адамдар биригишти. Өлкөлөр арасында кичине болсо дагы көпүрө пайда болду! Бул болсо кийинки сезондо бул жерге туристтер келет дегенди билдирет.
“Мага кулинардык мастер-класстар жакты. Мен аш басканга сабиз туурап көрдүм, досум болсо жергиликтүү ашпозчулар менен бирге эт туурашты”,-дейт Израилден келген Роза
“Транспорттор конокторду ташуу үчүн Нарында да болду. Ал эми иш-чара бүткөн соң туристтерди Тоңдон Чолпон- Атага, Караколго, Нарынга жеткирилди”,-деди этнофестивалдын уюштуруучулардын бири Бегимай Мукашева.
“Учурда туризм спорт жана саякаттоо болуп саналат. Бул көпчүлүк өлкөлөр үчүн көп киреше алып келген тармак болуп калды. Туризмдин уникалдуулугу – анын көп болуусунда. Учурда туризм тармагына өнүккөн өлкөлөрдүн миллиондогон тургундары тартылган. Кыргызстан дагы бул тармакка көп аамдарды тартуусу керек. Туризмдин өнүгүүсү Кыргызстанды экономикалык кризистен чыгарат. Ошондуктан туризм элдик-чарбачылыктын маанилүү бөлүгү катары өнүгүүсү керек”,-дейт туропреатор Лада Хасанова.
Туризмдин аймактарды өнүктүрүү идеясы абдан жакшы, бирок маркетинг менен иштөө зарыл. Маркетингдин мааниси эл аралык туристтик жарманкелерди өткөрүүдө жатат. Ал жактарга кыргыз туроператорлору барышып туристтик иш-чаралар, өнүмдөр менен тааныштырып, аны өнүктүрүүсү зарыл. Ошондой эле туристтик өнүмдөрдү сырткы рыноктордо сатууну активдештирүү зарыл. Ушундай фестивалдар туропраторлор тарабынан туристтер үчүн пландалган иш-чаралардын тизмесине киргизилүүсү керек. Туристтик сезондун башталышында сөзсүз түрдө ушундай иш-чаралардын графигин жарыялоосу керек. Аны көргөн чет элдиктер алдын ала ал жактарга барууну пландап коюулары үчүн бул абдан ыңгайлуу.
Ирина Байрамукова