• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өткөн жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 млрд долларды түздү

3

👁 356

Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишине нааразы болгон айрым ишкерлер бар. Бул каржы институту өнүктүрүү фонду болбой эле, банкка айланып калды дегендей пикирлер да жок эмес. Демек, бизнести каржылоонун жаӊы усулдарына өтүү зарыл. Ошого карабастан, фонддун ишинде кыйла жылыштар болду. Бул тууралуу экономика министринин орун басары Элдар Абакиров Жогорку Кеӊеш менен Федералдык Жыйындын ортосундагы кызматташтык мамилелер боюнча парламенттер аралык комиссиянын кезектеги отурумунун жүрүшүндө билдирди.

Министринин орун басарынын айтымында, 2017-жылы Кыргызстан менен Россиянын ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 1,5 млрд долларды, ал эми экспорт 260 млн долларды түзгөн.

«Ушу тапта Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду 276 млн доллар наркындагы 1064 долбоор жактырды. Фонд тарабынан каржыланган ишканалардын экспорту 35 пайызга өстү», — деп кошумчалады ал.

Депутат Каныбек Иманалиев Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду эӊ ийгиликтүү долбоорлордун бири болгонун баса белгиледи.

«Мисалы, фонддун көмөгү менен Кемин районунда эле эки ири долбоор ишке ашырылып жатыптыр, бул жакшылыктын жышааны. Азыр региондорго, айрыкча кичи шаарларды өнүктүрүүгө өзгөчө көӊүл буруу зарыл. Анткени, шаар түзүүчү мурдагы ишканалардын көбү банкрот болуп калды. Ал үчүн жеӊилдетилген насыяларды берүү, анын пайыздарын төлөө жана күрөөгө мүлк коюу шарттарын кайра карап чыгышса жакшы болмок», — деди депутат.

Федералдык Жыйындын делегация башчысы, Мамлекеттик Думанын Коргоо жана коопсуздук боюнча комитетинин төрагасынын орун басары Виктор Заварзин региондорду өнүктүрүү демилгесин толугу менен колдой турганын билдирди.

«Орус-Кыргыз өнүктүрүү фонду каржы уюму эле эмес, ал эки өлкөнүн өз ара кызматташтык мамилелерин өркүндөтүүгө багытталган саясий институт да болуп саналат. Ошондуктан, фонддун насыяларды берүү шарттарын кайра карап чыгып, региондорду өнүктүрүү жаатында кыйла ийкемдүү усулдарды колдонсо болот», — деп кошумчалады ал.
Андан сырткары, жакында Ош шаарында «Орус-Кыргыз өнүктүрүү фондунун филиалы ачылганы, анын ишине мамлекеттин үлүшү бар «Айыл Банк» менен «РСК Банкынын» жер-жерлердеги бөлүмдөрү көмөктөшүп жатканы белгилүү болду.
Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости