• $87.42
  • 94.24
  • 1.138

Өткөн жылга салыштырмалуу Баткен облусунда өсүш бар

13

👁 1,384

Баткен облустук мамлекеттик статистика башкармалыгынын берген расмий маалыматына ылайык үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айында 158827,9 миң сомдук продукция өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 161,1 пайызды түздү. Бул материалда облустун экономикасынын абалын реалдуу, мамлекеттик, финансалык, тышкы жана социалдык секторлор менен кошо талдоолор берилет.

Айыл-чарбасы, аңчылык жана токой чарбасынын продукциясынын дүң чыгарылышы 2018-жылдын январь-апрель айларында 2048,8 млн. сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 101,9 пайыз болду.

Облустун аймактарында капиталдык салымдардын иштетилиши үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айында 500418,2 миң сомго барабар болду, бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 100,2 пайызды түздү.

2018-жылдын январь-апрель айында турак жай курулушунда жалпы аянты 16652,0 чарчы метр болгон 144 квартира пайдаланууга берилди. Турак жай курулушуна сарпталган жалпы чыгым 183361,0 миң сомду түздү.

Транспорттун бардык түрү менен үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында 433,2 миң тонна жүк ташылып, 2017-жылдын январь-апрель айларына салыштырмалуу 101,1 пайызга барабар болду. Жүргүнчүлөрдү ташуунун көлөмү 74548,9 миң жүргүнчү км болуп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 101,1 пайызды түздү.

Чарба жүргүзүүчү субьектилер (юридикалык жактар жана жеке адамдар) тарабынан көрсөтүлгөн рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү 2018-жылдын январь-апрель айында 4376673,5 миң сомду түзүп, 2017-жылдын январь-апрель айынын денгээлинен 5,6 пайызга жогорулаган.

2018-жылдын январь-апрель айында чекене товар жүгүртүүнүн көлөмү (коомдук тамактанууну кошкондо) 3712618,4 миң сомду түздү жана салыштырма баада 2017-жылдын январь-апрель айына салыштырмалуу 5,7 пайызга өскөн.

Калкка кызмат көрсөтүүнүн көлөмү ушул жылдын январь-апрель айында 664055,1 миң сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда салыштырма баада 0,2 пайызга төмөндөгөн.

Инфляция деңгээлин мүнөздөөчү керектөө бааларынын индекси ушул жылдын январь-апрель айларында өткөн 2017-жылдын январь-апрель айларына салыштырганда 99,6 пайызды, ал эми 2018-жылдын апрель айын март айына салыштырганда 99,6 пайызды түздү.

Облус боюнча 2018-жылдын январь-март айында орточо эмгек акы 10684,9 сомду түзүп, 2017-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 5,9 пайызга өскөн.

Негизги экономикалык көрсөтүчтөр

Экономикалык индикаторлор

2018 ж.

январь-апрель

айларында

Өнөр жай продукциясынын көлөмү-бардыгы, миң сом
1558827,9
Айыл чарба, аңчылык жана токой чарба продукциясынын дүң чыгарылышы, млн. сом

2048,8

Негизги капиталга инвестициялар, мин сом

500418,2

Ишке киргизилген турак-жай, ч. м.
16652,0

Жүргүнчүлөрдү ташуунун жүгүртүлүшү,

миң жүргүнчү км

74548,9

Рыноктук тейлөөлөрдүн көлөмү-бардыгы, миң сом

4376673,5

Соода, автомобилдерди, турмуш-тиричилик буюмдарын жана жеке керектелүүчү нерселерди оңдоо, миң сом

3459004,9

Чекене соода жүргүзүүнүн көлөмү, миң сом

3712618,4

Кызмат көрсөтүүнүн көлөмү, миң сом

664055,1

Бир кызматкердин номиналдык, орточо
айлык эмгек акысы, сом
10684,91)

Жүк ташуу көлөмү, миң тонна

433,2

Реалдуу сектор

Өнөр жайы. Облус боюнча 2018-жылдын январь-апрель айында 1558827,9 миң сомдук өнөр жай продукциялары өндүрүлүп, физикалык көлөмдүн индекси 161,1 пайызды түздү.

Иштетүү өнөр жайынын өндүрүшүнүн көлөмү 1068081,7 миң сомду түзүп, жалпы өндүрүлгөн өнөр жай продукцияларынын 68,5 пайызын, пайдалуу кендерди казуу өнөр жайы 177045,8 миң сомду же 11,4 пайызын, электр энергиясын жана газды өндүрүү 292670,6 миң сомду же 18,8 пайызын, чогултуп тазартылган сууну бөлүштүрүү 21029,8 миң сомду же 1,3 пайызды түздү.
Пайдалуу кендерди казуу өнөр жайында ушул жылдын январь-апрель айында 177045,8 миң сомдук өнөр жай продукциясы өндүрүлүп, жалпы тармак боюнча физикалык көлөмдүн индекси 111,8 пайызды түздү. Үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айында 70040,6 тонна көмүр казылып алынып, өткөн жылдын январь-апрель айына салыштырмалуу 100,4 пайызды түздү. Өткөн жылга салыштырмалуу Баткен району 2267,0 тоннага көп, ал эми Сүлүктү шаары 1997,9 тоннага көмүр аз казып алган.
Иштетүү өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 1068081,7 миң сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 192,0 пайызды түздү. Жалпы көлөмдүн ичинен тамак аш азыктары, суусундуктар менен тамекини кошкондо 161770,4 миң сомду (көлөмдүн 15,1 пайызын), текстил жана тигүү өндүрүшү 14059,2 миң сомду (көлөмдүн 1,3 пайызын), целлюлоза-кагаз, жыгачты кайра иштетүү 10590,0 миң сомду (көлөмдүн 1,0 пайызын), химия өндүрүшү 14500,6 миң сомду (көлөмдүн 1,4 пайызын), башка металл эмес минералдык продуктуларын, резина жана пластмасса буюмдарын өндүрүү 830305,5 миң сомду (көлөмдүн 77,7 пайызын), металлургия өндүрүшүнүн продукциясы жана даяр метал буюмдарынын өндүрүшү 10574,0 миң сомду (1,0 пайызын), өнөр жайдын башка түрлөрү 26282,0 миң сомду ( 2,5 пайызын) түздү.
Тамак-аш азыктарын өндүрүү боюнча тармактын физикалык көлөмүнүн индекси суусундуктар менен тамекини кошкондо үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айында өткөн жылдын январь-апрель айына салыштырмалуу 176,8 пайызды түздү.
Үй-эмеректерин жасоо 41,0 пайызга, эт азыктары 44,1 пайызга, эркектердин тигилүү кийимдери 0,3 пайызга, топтолгон жана тазаланган суу 41,2 пайызга, кондитер азыктары 12,3 пайызга, жаңы бышкан нан 4,3 пайызга, бут кийим тигүү 40,2 эсе, , таш көмүр өндүрүү 0,6 пайызга, газды бөлүштүрүү 37,7 пайызга, электр энергиясын бөлүштүрүү 1,1 пайызга, тазартылган күрүч 2,2 пайызга, сымап өндүрүү 1966,6 пайызга, цемент өндүрүү 2,1 эсеге, килем токуу 3,8 пайызга, балмуздак өндүрүү 13,9 пайызга, иштетилбеген мунай зат 24,1 пайызга, алкоголдук ичимдиктер 8,1 эсеге өскөн. Ал эми табигый кум 29,7 пайызга, аялдардын тигилүү кийими 0,5 пайызга, дан эгиндеринен өндүрүлгөн ун 8,8 пайызга, өсүмдүк майын өндүрүү 23,0 пайызга төмөндөгөн.
2018-жылдын январь-апрель айында текстил жана тигүү өнөр жайында чыгарылган продукциянын көлөмү 14059,2 миң сомду түздү, же мурунку жылдын январь-апрель айындагы деңгээлге караганда физикалык көлөмдүн индекси 99,8 пайызды, ал эми химия өндүрүшүнүн көлөмү 14500,6 миң сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 152,1 пайызды түздү.
Металлургия өнөр жайынын жана даяр металл буюмдарынын өндүрүшүндө январь-апрель айында 10574,0 миң сомдук продукция чыгарылды, же өндүрүүнүн физикалык көлөмүнүн индекси өткөн жылдын январь-апрель айына салыштырганда 101,1 пайызды түздү.
Электр энергиясын, газды өндүрүү көлөмү январь-апрель айында 292670,6 миң cомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси 101,4 пайызды, сууну топтоо, тазалоо жана бөлүштүрүү, калдыктарды иштетүү 21029,8 миң сомду түзүп, физикалык көлөмдүн индекси өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 137,6 пайызды түздү.

Азык-түлүк товарларынын негизги түрлөрүнүн бааларынын индекси

(пайыз менен)

Жогорку сорт ун 1-сорт ун Нан Макарон азык-тары Уйдун эти Койдун эти Сүт Жумурт-ка Күн карама майы
январь 92,9 87,2 100,0 100,0 100,0 100,7 100,0 100,2 98,3
февраль 99,5 97,8 100,0 101,8 100,0 100,0 100,0 101,2 99,0
март 98,6 99,9 100,0 100,0 99,8 100,0 100,0 95,4 99,9
апрель 100,0 100,0 100,0 100,0 99,2 100,0 100,0 99,4 100,0

Жашылча-жемиштердин бааларынан өткөн айга салыштырмалуу алма 23,8 пайызга, сабиз 11,8 пайызга кымбаттаган. Ал эми пияз 6,6 пайызга, картошка 9,6 пайызга төмөндөгөн, кургатылган өрүк, грек жаңгагы өз ордунда калган.

Жашылча жемиш продукцияларынын айрым түрлөрүнүн бааларынын индекси

(пайыз менен)

Пияз Картошка Сабиз Алма Кургатыл-ган өрүк Грек жаңгагы
январь 95,6 99,3 97,5 109,0 100,0 103,8
февраль 92,1 96,6 89,6 105,6 92,9 100,0
март 61,3 90,0 91,8 104,9 90,3 107,4
апрель 93,4 90,4 111,8 123,8 100,0 100,0

Мамлекеттик сектор

Финансы

Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин борбордук казына бөлүмүнүн маалыматы боюнча 2018-жылдын январь-март айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү, официалдуу трансферттерди кошкондо 242,3 млн. сом өлчөмүндө аныкталып, өткөн жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 116,4 пайызга аткарылган.

Республикалык бюджеттин киреше бөлүгү 252,9 млн. сомду түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 22,2 пайызга өскөн, ал эми чыгашалар 12,2 пайызга азайган.

Облустук жергиликтүү бюджет 2018-жылдын январь-март айларында профицит менен аткарылган (кирешелер чыгашалардан көп).

2018-жылдын январь-март айларында жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнө 105,7 млн. сом өлчөмүндө салык төлөмдөрү түшүп, өткөн жылга салыштырмалуу салыктан түшүүлөр 4,6 пайызга өскөн.

Патенттин негизиндеги салык 8,0 пайызга, соодадан жана акысына көрсөтүлүүчү тейлөөлөрдөн түшкөн салык 25,5 пайызга, товарлардын жана тейлөөлөрдүн салыгы 25,3 пайызга, бирдиктүү салыктар боюнча түшүүлөр 32,5 пайызга, киреше жана пайда салыгы 1,3 пайызга жана кыймылсыз мүлк салыгы 18,9 пайызга өскөн. Ал эми жер салыгы 9,2 пайызга, менчиктен түшкөн салыктын өлчөмү 0,9 пайызга жана жеке адамдардын төлөгөн киреше салыгы 2,5 пайызга азайган.

Облустук бюджеттин киреше бөлүгүндө салыктан тышкары кирешенин өскөнү байкалды. Алсак 2017-жылдын январь-март айларында жалпы кирешенин 16,6 пайызын түзгөн болсо, ал эми 2018-жылдын январь-март айларында 24,6 пайызын түздү. Салыктан тышкары кирешенин басымдуу бөлүгүн менчиктен түшкөн киреше жана пайыздар түздү, же жалпы салыктан тышкары кирешенин 60,7 пайызын түзөт.

Тышкы сектор

2018-жылдын январь-март айларында Баткен облусу дүйнөнүн 16 мамлекети менен тышкы соода байланышында болду. Анын ичинде: 5 КМШ өлкөлөрү, 11 КМШдан тышкары өлкөлөр. Облустун тышкы соода жүгүртүүсү 2018 жылдын январь-мартында 11730,7 миң АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын тийштүү мезгилине салыштырмалуу 18,6 пайызга төмөндөгөн. Соода балансасынын сальдосу терс болуп –2679,0 миң АКШ долларына барабар болду.

Экспорт

2018-жылдын январь-март айларында экспорттун көлөмү 5359,1 миң АКШ долларын түзүп, 2017-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 2,2 эсеге өскөн. Экспорттук товарлардын негизги керектөөчүлөрү КМШ өлкөлөрү менен Азия мамлекеттери болуп, алардын экспорттогу жалпы көлөмдөрү 77,3 жана 12,1 пайызга барабар болду. Облустун продукциясынын негизги керектөөчүлөрү болуп, КМШ өлкөлөрүнөн Өзбекстан (экспорттун жалпы көлөмүнөн 64,2 пайызы) жана Тажикстан (6,8 пайызы) мамлекеттери эсептелет. КМШдан тышкары Европа мамлекеттерине жалпы көлөмдүн 9,1 пайызы, Азия мамлекеттерине 12,1 пайызы экспорттолду. Европа мамлекеттеринен Литва өлкөсүнө (жалпы көлөмдүн 8,9 пайызын түзөт), Германия өлкөсүнө (жалпы көлөмдүн 0,2 пайызын түзөт), Азия мамлекеттеринен Авганистан өлкөсүнө (5,9 пайызын түзөт), Африка мамлекеттеринен Чад өлкөсүнө (1,5 пайызын түзөт) экспорт жүргүзүлдү.

Жалпы экспорттун ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттун көлөмү 298,6 миң АКШ долларын түздү. Анын ичинен Россия Федерациясы 68,9 миң АКШ долларын түзөт.

Импорт

2018-жылдын январь-март айларында импорттун көлөмү 6371,5 миң АКШ долларын түзүп, 2016-жылдын тийиштүү мезгилине салыштырмалуу 53,1 пайызга төмөндөгөн. Ал эми импорттун салмагы КМШ өлкөлөрүнөн 79,1 пайызга, Азия мамлекеттеринен 18,8 пайызга жана Европа мамлекеттеринен 2,9 пайызга барабар болду. КМШ өлкөлөрүнүн импортунун негизги көлөмүн алып келүүчүлөр болуп Өзбекстан (импорттун жалпы көлөмүнүн 2,8 пайызын), Россия (53,2 пайызын), КМШдан тышкары Кытай мамлекетинен келген товарлар (жалпы импорттун 10,6 пайызын) түзгөн.
Жалпы импорттун ичинен ЕАЭБ өлкөлөрүнө импорттун көлөмү 3482,8 миң АКШ долларын түздү. Анын ичинен Россия 3392,3 миң АКШ долларын түзөт.

Назгүл Бостонбаева

Распечатать     

 

Подписаться на наш Twitter

Лица

«Из-за ментального барьера компании очень долго готовятся к открытости»

Интервью с директором финансовой компании “Сенти” Мээрим Аскарбековой.

«У кыргызстанцев появится возможность покупать ценные бумаги через мобильное приложение»

Интервью с Президентом Кыргызской Фондовой Биржи Медетбеком Назаралиевым

«Побороться за звание самого удобного и дружественного финансового центра»

Интервью с Генеральным директором инвестиционной компании Interstan Securities Стальбеком Джумадиловым

Государственно-частный диалог для улучшения бизнес-среды и инвестиционного климата

Основная задача государственно-частного диалога (ГЧД), чтобы Правительство в своей деятельности учитывало общественные и

Лас-Вегас по-кыргызски

О создании игровой зоны рассуждает депутат ЖК КР VI созыва Дастан Бекешев.

Эркин Асрандиев: Необходимо постоянно обеспечивать защиту прав собственности, гарантии инвестиций

Президент России В.В.Путин в конце марта посетил Бишкек с государственным визитом.

Аалы Карашев: Хотелось бы, чтобы наша сторона воспользовалась приездом такого уважаемого гостя

Аалы Азимович Карашев в своё время был Первым Вице-Премьер Министром КР и не понаслышке знает о том, как принимаются и и

Азамат Акенеев: У нас бизнес даже самый крупный не защищен ни от государственных органов, ни от бандитов, ни от населения

Эксперт в Секретариате Совета по развитию бизнеса и инвестициям при Правительстве КР Азамат Акенеев.

Ещё лица

Подписаться на новости